Get Mystery Box with random crypto!

💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Telegram арнасының логотипі asyloilorng — 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер О
Telegram арнасының логотипі asyloilorng — 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер
Арна мекенжайы: @asyloilorng
Санаттар: Дін , Фактілер
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 2.40K
Арнадан сипаттама

🦋Өзүн таанууга, пайдалуу иш менен элге кызмат кылып, Аллахтын ыраазычылыгына жеткен сүйүктүү кул болууга аракеттенген студенттин блогу.
💌 @gulzinanur24 - жеке байланыш үчүн.

Ratings & Reviews

2.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

2

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 4

2022-06-25 22:28:11 Асыл Ойлор | Өзүн-өзү өнүктүрүү pinned « Катталуучуларым менен көздөгөн максатыбыздын бир болгону мени кубандырат Чынында баарыбыздан максатыбыз бир- бактылуу болуу. Ошондой эмеспи? Ким бактысыз болууну кааласын? А бирок, ар кимибиз ар кайсы жолдон издейбиз. Кээ бирибиз дүйнө- мүлктөн, кээ бирибиз…»
19:28
Ашу / Түсініктеме
2022-06-25 09:33:31 • Ыйман жөнүндө...
1.6K viewsedited  06:33
Ашу / Түсініктеме
2022-06-24 20:21:05 Мен силерге бир кеңеш менен келип калдым))

Телеграмда өтө сонун мүмкүнчүлүктөр бар. Ошолордун бири: канал алып баруу. Мен бул каналды колдонгондой эле...)


Бир канал ачып алгыла. Өзүңөр үчүн, башкалар үчүн пайдалуу боло тургандай...

Өзүңөрдүн оюңарды, тапкан табылгаңарды, уккан же окуган инсайттарыңарды бөлүшүп туруш үчүн. Өтө сонун пайдасы бар, ишенип койгула. Жоопкерчилик сезе баштайсыңар, өзүңөрдөгү прогрессти да байкайсыңар, изденип баштайсыңар.

Мен ишенем муну окуп аткан ким болбосун, башкаларга айтайын деген ою сөзсүз бар! Ошону өзүңөргө сактабай, биз менен да бөлүшкүлө.


Каналдарына өзүнүн ою менен болүшкөндөр жагат (анан туура жазгандар ). Ошолорго гана катталгам. Негизинен Нурзат эже, Шайыр эже анан Тыныстан байкени окуйм. Силердин да мага сунуштай турганыңар болсо ачыкмын. Комментарийге калтыра өткүлө.)

Анан жогорудагы кеңешимин үстүнөн да ойлонуп койгула, ээ? А ачып калсаңар сөзсүз мага сүйүнчүлөгулөө
1.7K views17:21
Ашу / Түсініктеме
2022-06-23 12:22:09 Илимди кайда болсо ала жүрдүм,
Үйдөн да, базардан да таба жүрдүм.
Китепти коёр орун жоктугунан,
Жүрөккө сандык жасап сала жүрдүм.

Имим Шаафи
286 viewsedited  09:22
Ашу / Түсініктеме
2022-06-23 12:22:03
287 views09:22
Ашу / Түсініктеме
2022-06-22 21:01:09
Кайсы китеп сизге кызык? Кимиси жөнүндө айтайын?
Anonymous Poll
30%
"Мусульманка"
11%
"Гордость и предубеждение"
9%
"Все цветы Парижа"
51%
"Жүрөктөрдүн ачкычы"
94 voters225 views18:01
Ашу / Түсініктеме
2022-06-21 22:30:04 Катталуучуларым менен көздөгөн максатыбыздын бир болгону мени кубандырат

Чынында баарыбыздан максатыбыз бир- бактылуу болуу. Ошондой эмеспи? Ким бактысыз болууну кааласын? А бирок, ар кимибиз ар кайсы жолдон издейбиз. Кээ бирибиз дүйнө- мүлктөн, кээ бирибиз атак- даңктан, кыскасы бизде жок нерселер бизге бакыт алып келе тургандай сезиле берет.

Жогоруда саналып өткөндөр убактылуу бактылуулук бере алат. А түбөлүктүү бакыттын бул жалган дүйнөдө болбостугун
Аллах Куранда "Худ" сүрөөсүнүн 108-аятында:

Бактылуулар бейиште болушат. Алар Бейиште асмандар менен жер канча турса, ошончо жыл жашап калышат. Бирок, Эгең кааласа...анда-башка. Бул эч качан түгөнбөгөн сыйлык."

-деп айтыптыр. Эгерде, бул дүйнө бактылуу жашоонун жайы болгондо, Аллахтын сүйүктүүсү, адамдардын мырзасы болгон Пайгамбарыбыз (с.а.в) эээң бактылуу болмок да. А бирок анын кандай жашоодо жашаганы маалым.(бул боюнча кийинчерээк...)

Кызыктуу факт: "Бактылуулук" сөзү Куранда жалгыз ушул жерде гана колдонулуптур!


Макул, бактылуу боло албайт экенбиз, а жан дүйнөнүн тынчтыгычы?
А бул сурообузга Курандагы "Ар-Раад" сүрөөсүнүн 28-аяты мындай жооп берет экен:

"Ыймандуулар- Аллахты эскергенде жүрөгүндө тынчтык орногондор. Демек, Аллахты эскергенде жүрөктөр тынчтык табат"

Аллахты эстөө- бул зикир. Анан да, Ал биздин ар бир аракетибизден, сөзүбүздөн жада калса оюбуздан да кабардар экенин жүрөгүбүзгө жайгаштыруу. Бул дүйнөнүн болгону сыноо экенин, түбөлүктүү жашообузга кылган аракетибиз маанилүү экенин даайыма өзүбүзгө эскертип жүрүү, менимче.
49 views19:30
Ашу / Түсініктеме
2022-06-21 20:49:57
134 views17:49
Ашу / Түсініктеме