Get Mystery Box with random crypto!

Катталуучуларым менен көздөгөн максатыбыздын бир болгону мени | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Катталуучуларым менен көздөгөн максатыбыздын бир болгону мени кубандырат

Чынында баарыбыздан максатыбыз бир- бактылуу болуу. Ошондой эмеспи? Ким бактысыз болууну кааласын? А бирок, ар кимибиз ар кайсы жолдон издейбиз. Кээ бирибиз дүйнө- мүлктөн, кээ бирибиз атак- даңктан, кыскасы бизде жок нерселер бизге бакыт алып келе тургандай сезиле берет.

Жогоруда саналып өткөндөр убактылуу бактылуулук бере алат. А түбөлүктүү бакыттын бул жалган дүйнөдө болбостугун
Аллах Куранда "Худ" сүрөөсүнүн 108-аятында:

Бактылуулар бейиште болушат. Алар Бейиште асмандар менен жер канча турса, ошончо жыл жашап калышат. Бирок, Эгең кааласа...анда-башка. Бул эч качан түгөнбөгөн сыйлык."

-деп айтыптыр. Эгерде, бул дүйнө бактылуу жашоонун жайы болгондо, Аллахтын сүйүктүүсү, адамдардын мырзасы болгон Пайгамбарыбыз (с.а.в) эээң бактылуу болмок да. А бирок анын кандай жашоодо жашаганы маалым.(бул боюнча кийинчерээк...)

Кызыктуу факт: "Бактылуулук" сөзү Куранда жалгыз ушул жерде гана колдонулуптур!


Макул, бактылуу боло албайт экенбиз, а жан дүйнөнүн тынчтыгычы?
А бул сурообузга Курандагы "Ар-Раад" сүрөөсүнүн 28-аяты мындай жооп берет экен:

"Ыймандуулар- Аллахты эскергенде жүрөгүндө тынчтык орногондор. Демек, Аллахты эскергенде жүрөктөр тынчтык табат"

Аллахты эстөө- бул зикир. Анан да, Ал биздин ар бир аракетибизден, сөзүбүздөн жада калса оюбуздан да кабардар экенин жүрөгүбүзгө жайгаштыруу. Бул дүйнөнүн болгону сыноо экенин, түбөлүктүү жашообузга кылган аракетибиз маанилүү экенин даайыма өзүбүзгө эскертип жүрүү, менимче.