Get Mystery Box with random crypto!

Мен силерге бир кеңеш менен келип калдым)) Телеграмда өтө сон | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Мен силерге бир кеңеш менен келип калдым))

Телеграмда өтө сонун мүмкүнчүлүктөр бар. Ошолордун бири: канал алып баруу. Мен бул каналды колдонгондой эле...)


Бир канал ачып алгыла. Өзүңөр үчүн, башкалар үчүн пайдалуу боло тургандай...

Өзүңөрдүн оюңарды, тапкан табылгаңарды, уккан же окуган инсайттарыңарды бөлүшүп туруш үчүн. Өтө сонун пайдасы бар, ишенип койгула. Жоопкерчилик сезе баштайсыңар, өзүңөрдөгү прогрессти да байкайсыңар, изденип баштайсыңар.

Мен ишенем муну окуп аткан ким болбосун, башкаларга айтайын деген ою сөзсүз бар! Ошону өзүңөргө сактабай, биз менен да бөлүшкүлө.


Каналдарына өзүнүн ою менен болүшкөндөр жагат (анан туура жазгандар ). Ошолорго гана катталгам. Негизинен Нурзат эже, Шайыр эже анан Тыныстан байкени окуйм. Силердин да мага сунуштай турганыңар болсо ачыкмын. Комментарийге калтыра өткүлө.)

Анан жогорудагы кеңешимин үстүнөн да ойлонуп койгула, ээ? А ачып калсаңар сөзсүз мага сүйүнчүлөгулөө