2023-03-28 16:10:03
РАМАЗАНДЫ КАНТИП ӨТКӨРҮҮ КЕРЕК(Күнүмдүк режим)
❒ Таң атканга чейин– Орозо кармоону жүрөктөн ниет кылыңыз.
– Түндүн акыркы үчүнчү бөлүгүндө тахажуд намазын окуп, андан соң дуба кылып ой-тилектериңизди Аллахтан сураңыз, күнөөлөрүңүз үчүн тообо кылыңыз.
– Саарлыкта жакшылап тамактаныңыз жана көбүрөөк суу ичиңиз.
❒ Күндүзү– Беш маал намазды сүннөттөрү менен кошо өз убагында окуңуз. Эркектер үчүн намазды мечитте, ал эми аялдар үчүн үйдө окуганы жакшы.
– Куран окууга көбүрөөк убакыт бөлүңүз. Маанисин терең түшүнүү үчүн Курандын түшүндүрмөсүн (тафсир) же котормосун окуңуз.
– Аллахты көп зикир кылыңыз. Айрыкча намаздан кийинки, таңкы жана кечки зикирлерди калтырбай айтыңыз.
– Таравих намазга сергек туруу үчүн түштөн кийин 1 сааттай уктап алыңыз.
– Сүннөттө келген арабча дубаларды маанисин түшүнүү менен жаттаңыз жана дуба кылганда ошолорду айтыңыз. Ошондой эле пайгамбарыбызга салават айтууну эстен чыгарбаңыз.
– Күнөө иштерден болушунча алыс болууга аракет кылыңыз.
– Ыйман тууралуу сабактарды угууга жана китептерди окууга аз болсо да убакыт бөлүңүз.
❒ Ооз ачарда– Оозду так сандагы курма менен ачыңыз, курма жок болсо суу менен ачыңыз. Ашыкча тоюудан сак болуп, пайдалуу тамак-аштардан жеңиз.
– Туугандарга ооз ачырыңыз, бул туугандык мамилени бекемдөөгө себеп болот.
– Ооз ачардан алдын чын жүрөктөн дуба кылыңыз, Аллахтан күнөөлөр үчүн кечирим, Анын коргоосун, ырыскынын молдугун, дегеле эки дүйнөдөгү жакшылыктарды сураңыз.
– Ооз ачкандан кийин көбүрөөк суу ичиңиз.
❒ Кечинде– 20 рекет таравих намаз окуңуз. Эркектер үчүн намазды мечитте, ал эми аялдар үчүн үйдө окуганы жакшы. Эгерде витир намазды мечитте окуй албай калсаңыз, анда үйгө келгенде сөзсүз окуңуз.
– Эрте жатууга аракет кылыңыз. Жатардан алдын даарат алыңыз, жатарда айтылуучу дубаларды сөзсүз окуңуз. Бул саарлыкка сергек ойгонууга жардам берет.
Эсиңизде болсун, Аллахтын алдында чын ыкластан кылынган иштер гана кабыл кылынат. Ошондуктан ар бир ишти Анын ыраазылыгы үчүн гана кылуу керек. Орозону арыктоо үчүн же башка дүйнөгө байланышкан максатта эмес, Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана тутуңуз.
Ушул берекелүү жана куттуу Рамазан айында кылган ибадаттарыңызды Аллах кабыл кылсын, акыретте толук сыйлыктарга жеткирип, бейишке кирүүнү баарыбызга насип этсин.ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу ═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
2.3K viewsTelepostBot, 13:10