2023-03-24 16:21:30
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ ООЗДУ УШУНДАЙ КЫЛЫП АЧКАНЭгерде оозду сүннөткө ылайык ачам десеңиз, анда төмөндө айтылган тартипте кылыңыз:
● Ооз ачарга бир аз убакыт калганда отурасыз же турган абалда эле алакан жайып
кыргызча эле дуба кылып баштайсыз. Кээ бирлер эмне деп дуба кылам дейт, дуба кылгандан оңой нерсе жок. Кудайдан каалаган нерсени сурай бересиз, мисалы, ырыскы бер, ыйман бер, ийгилик бер, ден-соолук бер, үй-бүлөмө ынтымак, бакыт бер, менин жана жакындарымдын, ошондой эле өтүп кеткен туугандарымдын күнөөлөрүн кечир ж.б.у.с. Дубада жакшы нерселерди суроо керек. Ал эми сураган жактан алганда эч кандай чектөө жок, оюңузга эмне келсе ойлонбостон эле четинен сурай бересиз. Анткени Аллах орозо кармаган адамдын ооз ачар алдында кылган дубасын эртеби-кечпи сөзсүз кабыл кылат, иншаАллах.
● Ооз ачар убактысы киргенде же «Аллаху акбар…» деп азан айтылып баштаганда
«бисмиллах» деп курма менен ооз ачасыз, курма жок болсо суу менен ачасыз, суу да жок болсо, анда жеп-иче турган эмне бар болсо, ошону менен ача бересиз. (Эсиңизде болсун, мусулман адам тамак-ашты оң колу менен гана жеп-ичүүсү керек).
● Андан кийин ооз ачарда айтылган «Захабаз-зомаау…» же «Аллахумма лакя сумту…» деп башталган
дубалардын кайсынысын билсеңиз, ошонусун айтасыз. Негизи ооз ачардагы дубаны ооз ачкандан кийин айткан жакшы, ага чейин айтса эч нерсе болбойт. Сүннөткө ылайык келгени – ооз ачкандан кийин айтылганы.
● Андан соң эч нерсе жебестен же дасторконго жаялып олтуруп калбастан, барып
шам намазын окуу керек. Пайгамбарыбыз ﷺ курма же суу менен ооз ачкандан кийин тамактанбастан, туруп шам намазын окуган. Себеби күндүзү кечкери ачка жүрүп, анан бир отуруп нык тоюу ашказанга жана ден-соолукка зыян. Адам ооз ачарда ичкен аз өлчөмдөгү суу же курма шам намазын окуп бүткөнгө чейин ашказанды даярдайт, ошол арада тамакты сиңирүүчү заттар бөлүнүп чыгат. Кээ бир адамдар бар, ооз ачарга чейин саатты эле тиктеп стартта турушат, убактысы келери менен шашып-бушуп, дем албастан жеп баштайт.
Мындай кылуу туура эмес! Биз орозону ачка болуш үчүн тутпайбыз, өзүбүздү тазалаш үчүн, тарбиялаш үчүн тутабыз. Эгерде биз ооз ачууну сүннөткө ылайык кылсак, биринчи жагынан сооп да алабыз, экинчи жагынан ден-соолугубуз да чың болот. Анан ооз ачарда ашыкча тоюу да жакшы эмес. Шашылбастан чеги менен жеш керек.
● Шам окуп бүткөндөн кийин дасторконго олтуруп «бисмиллах» деп шашпай тамактана бересиз. Сүннөткө ылайык ооз ачуу мына ушундай абалда болот. Пайгамбарыбыз ﷺ ушундай абалда ооз ачкан.
Аллах таала баарыбыздын кармаган орозобузду жана ойлогон ой-тилектерибизди кабыл кылсын! Аамиин!ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу ═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
260 viewsTelepostBot, 13:21