Get Mystery Box with random crypto!

Papillon🦋

Telegram арнасының логотипі papilllon13 — Papillon🦋 P
Telegram арнасының логотипі papilllon13 — Papillon🦋
Арна мекенжайы: @papilllon13
Санаттар: Дәйексөздер
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 597
Арнадан сипаттама

Баары бар❤️.
Жеке кат: @B_papillon🌸
Экинчи канал: @kopolok13🌙
Күндөлүк: @esimdegi🎈

Ratings & Reviews

4.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

2

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

0


Соңғы хабарлар

2022-07-29 21:02:23
"Уксаң бери. Сага бир күн кезигет,
Кылым бою жүрөк сүйөр адамың,
А мен сага керегим жок сезилет"-
- деди мага эң керектүү адамым.

Нурболот Азамат
27 views18:02
Ашу / Түсініктеме
2022-07-25 17:42:01
Татыксызга төккөн кайран жаштарым,
Тайгак жолдо ташыркаган жаш чагым!
Кечиргиле, кечиргиле эми мен,
Кейиши жок бейпил жашоо баштадым!

Күлсө мейли сырттан карап кимде ким,
Күйгүлтүкө түшүп келбейт кирдегим.
Азабы көп күндөр калып унутта,
Ак булуттар сүрүлөөрүн билгемин.

Арзып тапкан бакытымды кучактап,
Ай алдында келип жүрөт бийлегим.

Нуркыз Рыскул кызы
63 views14:42
Ашу / Түсініктеме
2022-07-16 11:28:51 Jannatim | Моя حب к тебе +https://t.me/hafiza_ha_21]
49 views08:28
Ашу / Түсініктеме
2022-07-13 19:02:01
Күнөөнү башкаларга арта салып,
Мен анда таарынганмын, ыйлаганмын.
Болбогон убайымга түшүп алып,
Өзүмдү өзүм гана кыйнаганмын.

Жок эле нерселерден санаа жасап,
Оорутуп көңүлүмдү күйүптүрмүн.
Бир келген өмүрүмдү пайдаланбай,
Түйшүккө түшүп-чыкпай жүрүптүрмүн.

Өзүмдү өзүм таанып билген кезде,
Түшүндүм көп нерсени кеч болсо да.
Таарынбай калдым азыр, өзгөрүлүп,
Жолумдан тосуп чыккан сел болсо да.

Жоготтум жан дүйнөмөн ызалыкты,
Өзүмдү өзүм таанып, билген кезде.

Нуржамал Калмаматова
81 views16:02
Ашу / Түсініктеме
2022-07-07 20:43:57
81 views17:43
Ашу / Түсініктеме
2022-07-06 20:23:31
Ар түнү асман тиктеп айтам ага:
“Уйкумду кайрып берчи кайта мага!”.
Текебер муздак Айды ээрчип алып,
бал уйкум учуп жүрөт кайда гана?..

Көргөндөр айткылачы,
издеп жүрөм…
Түш көрбөй,
тирүүлүктөн
кирдеп жүрөм.

— Саид Султан-Али
147 views17:23
Ашу / Түсініктеме
2022-06-30 11:04:36
жашагын Айга умтула,
жаштыгың — жаздын жамгыры.
жаракат алба сүйүүдөн,
жаныңа бакпа кайгыны.

махабат деген бир шумдук,
кайгы да, шаттык жыттанат.
караңгы кезде сатпаган,
көздөргө Сүйүү суктанат...

мен жүргөн шаарда байкасам,
адашкан экен көп киши.
керемет жерден а бирок,
эч келбейт экен кеткиси.

ансайын чалып турсаңчы,
жоготпой күндө эстегин.
жомоктой жерде жашаймын,
жоголуп гана кетпейин...

—Саид Султан-Али
327 views08:04
Ашу / Түсініктеме
2022-06-22 19:46:07
Көрүнбөй кеттим. Күткөндөр барбы?
Anonymous Poll
89%
Күттүм
11%
Эми отписка болоюн дедим эле
76 voters458 views16:46
Ашу / Түсініктеме
2022-06-22 19:42:36
431 viewsedited  16:42
Ашу / Түсініктеме
2022-06-11 20:57:20
Бирде чуркап бирде калып жөрмөлөп,
Билинбестен кайран жаштык өйдөлөп,
Баратканда балбылдаган от көрдүм,
Бакыт менден алыс эмес өңдөнөт.

Эми мага – Күн керемет жаркыган!
Эми мага – түн керемет балкыган!
Жыргасам да, ырдасам да жарашат –
Жылдыз учса изин кууп артынан.

Элмирбек Иманалиев
637 views17:57
Ашу / Түсініктеме