Get Mystery Box with random crypto!

жашагын Айга умтула, жаштыгың — жаздын жамгыры. жаракат алба с | Papillon🦋

жашагын Айга умтула,
жаштыгың — жаздын жамгыры.
жаракат алба сүйүүдөн,
жаныңа бакпа кайгыны.

махабат деген бир шумдук,
кайгы да, шаттык жыттанат.
караңгы кезде сатпаган,
көздөргө Сүйүү суктанат...

мен жүргөн шаарда байкасам,
адашкан экен көп киши.
керемет жерден а бирок,
эч келбейт экен кеткиси.

ансайын чалып турсаңчы,
жоготпой күндө эстегин.
жомоктой жерде жашаймын,
жоголуп гана кетпейин...

—Саид Султан-Али