Get Mystery Box with random crypto!

Күнөөнү башкаларга арта салып, Мен анда таарынганмын, ыйлаганм | Papillon🦋

Күнөөнү башкаларга арта салып,
Мен анда таарынганмын, ыйлаганмын.
Болбогон убайымга түшүп алып,
Өзүмдү өзүм гана кыйнаганмын.

Жок эле нерселерден санаа жасап,
Оорутуп көңүлүмдү күйүптүрмүн.
Бир келген өмүрүмдү пайдаланбай,
Түйшүккө түшүп-чыкпай жүрүптүрмүн.

Өзүмдү өзүм таанып билген кезде,
Түшүндүм көп нерсени кеч болсо да.
Таарынбай калдым азыр, өзгөрүлүп,
Жолумдан тосуп чыккан сел болсо да.

Жоготтум жан дүйнөмөн ызалыкты,
Өзүмдү өзүм таанып, билген кезде.

Нуржамал Калмаматова