2022-05-21 16:25:45
Бир жарк этип, кашты кагып койгонуң,
Канчалардын ээлеп акыл-ойлорун,
Арзыттырат, адаштырат акылдан,
Билип-билбей эчак мендик болгонуң...
Суктануу көп, сугу өтүп кетпесин,
Мен сүйүүңдү көздөн, сөздөн коргоюн.
Карек таштап, кылгырышкан тымызын
Канчалардын окулбаган ырысың.
Эч кимиси бирок мендей сүйө албайт,
Бирине да бербейм сени, ырысым.
Башка жандар мейли сүйсүн, сүйбөсүн,
Жүрөгүмдүн ырдап бүтпөс ырысың...
Жыпар Исабаева
870 views13:25