Get Mystery Box with random crypto!

Татыксызга төккөн кайран жаштарым, Тайгак жолдо ташыркаган жаш | Papillon🦋

Татыксызга төккөн кайран жаштарым,
Тайгак жолдо ташыркаган жаш чагым!
Кечиргиле, кечиргиле эми мен,
Кейиши жок бейпил жашоо баштадым!

Күлсө мейли сырттан карап кимде ким,
Күйгүлтүкө түшүп келбейт кирдегим.
Азабы көп күндөр калып унутта,
Ак булуттар сүрүлөөрүн билгемин.

Арзып тапкан бакытымды кучактап,
Ай алдында келип жүрөт бийлегим.

Нуркыз Рыскул кызы