Get Mystery Box with random crypto!

​ Мугалимдер күнү менен куттуктайбыз! Кечээ абдан сонун сөз | Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

Мугалимдер күнү менен куттуктайбыз!

Кечээ абдан сонун сөз уктум, “айрым мугалимдерибиз мактанат - дейт, 35 жылдык тажрыйбам бар - деп, чын эле 35 жылдык тажрыйбабы, же 1 жылдык тажрыйбасын 35 жылдан бери кайталап жаткан тажрыйбабы?” – дегенди угуп абдан ойлонуп калдым.

Урматтуу кесиптештер, убакыт учкан куш. Турбастан учуп жатат, айла жок убакыт өткөн сайын тажрыйбабыз өсүп жатат. Ошол тажрыйбаны жөн гана убакыт менен санабай, биз дагы күн санап өссөк дегим келип жатат.

Урматтуу кесиптештер, урматтуу мугалимдер, түйшүгүңүздөр түмөн экенин абдан жакшы билем, анткени мен дагы 12 жылдан бери мугалиммин. Сиздер тарткан. Сиздер көргөн түйшүктү мен жөн терим менен сезем. Бирок ошентсе дагы, ар бир мугалим, күнүгө жаңы бир нерсе үйрөнүүгө аракет кылса. Күнүгө өсөйүн, күнүгө үйрөнөйүн десе, 35 жыл үйрөнгөн адам эмне деген керемет билимге э болор эле, эмнеге деген гана тажрыйба, эмне деген гана билим!

Урматтуу кесиптештер, дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм!
Келиңиздер, мугалим деген ардактуу атка татыктуу бололу!

Турат Алыбаев, Токмок шаары, 5-октябрь, 2021-жыл.