2021-11-14 06:46:58
IT жаатына кызыккандар үчүн атайын ЖРТ группа
Урматтуу ата-энелер, бүтүрүүчүлөр, жана IT (АйТи) жаатына окугусу келип жүргөн окуучулар, сиздер үчүн Турат Алыбаевден абдан сонун жаңылык бар.
АйТи багыттуу ЖРТ курсубузду ачык деп жарыялайбыз!
Бул курс бир гана жолу болот. 1 эле группа алынат. Группада 20-30 окуучу болот.
Кандай окуучулар алынат?
АйТи жаатына тапшырам деген окуучулар;
ЖРТдан жакшы натыйжа чыгарышым керек деген дымагы бар окуучулар;
Ноутбугу бар окуучулар;
Үзгүлтүксүз интернет;
5-6 ай ЖРТга жана АйТиге даярданууга күчү жеткен окуучулар;
Жолдун жарымынан ар кандай шылтоо айтып, таштап качып кетпей турган окуучулар;
Урматтуу окуучу сизде жогорку шарттар барбы? Урматтуу ата-эне же сиз балаңызды 5-6 ай ушундай шарттар менен камсыздай аласызбы, балаңыздын жакшы даярданып, жакшы жыйынтыкка жетишин каалайсызбы? Анда бул курс сиздер үчүн.
Курс жалпы 5 ай убакыт окутулат, бирок, ар кандай шарттарды эске алуу менен, биз 6 айга жакын окутабыз, 5 айдын акысын гана алабыз.
Курс акысы, 5 айга бир жолу гана төлөнөт;
Аптасына 6 күн сабак өтүлөт;
Сабактар дайыма кечкисин өтүлөт;
Мектепте каникул болгондо бизде каникул болбойт;
ЖРТдан тышкары АйТиге алгачкы кадамдар таштала баштайт;
АйТи жаатына киргенде пайдалуу боло турган Soft Skills’ дер окутулат;
Курс ноябрь айынын 29 унда башталат, апрелдин 29 унда аяктайт, бирок ЖРТ тестине чейин биз окуучуларыбыз менен байланышта болуп, ЖРТга моралдык жана психологиялык жактан да даярдоону уланта беребиз.
Ушунун бардыгы күнүнө 70-75 сомдон гана айланат, бирок биз башында бир гана жолу алабыз, андан кийин ЖРТга чейин көйгөйсүз даярдануу гана калат.
Эскертүү: Сабакка катышпай койгондорго, окугусу келбей калгандарга төлөмү кайтарылбайт!
Курска катышууну каалагандар, бул шилтеме
менен группага кошула бериңиздер, биз сиздерге байланышабыз
74 views03:46