2021-10-28 17:19:56
Мен окусам кийин иш таап кете аламбы?
Бул суроо өтө көп суралчу болду. Мен программалоо багытына өткөндөн бери, бул багытта суроо сурагандардын 50-60 пайызы, “
жумуш табылабы?” – деп суроо салышат.
Акыркы убакта чындап эле ойлоно баштадым.
Жумуш табылабы деп? Окуучуларга жараша бул суроого ар кандай жооп берип коё берем. Өзүбүздүн окуучуларга “
жумуш табылбайт ” деп айтам, бир чети тамаша, бир чети чындыгына жараша. Биз эч тааныбаган, бирок "бир жакшы сөз" уккусу келген окурмандарыма
“табылат да, кантип табылбай койсун” дейм.
Акыркы убакта бул суроо көп сурала баштагандыктан, эми чындап ойлонуп, олуттуу жооп жазып коюуну туура көрдүм.
Биринчи жооп, жумуш табылбайт. Бул канчалык тамаша болсо дагы чын эле табылбайт, анткени жумуш берүүчүлөр, эптеп-септеп окуган бирөөнү ишке алгысы келбейт, демек, жакшы окуп, ийгиликтүү болуп чыга албасаң, жумуш табылбайт.
Экинчи жооп, жумуш табылат. Кантип табылбай койсун. Бирок деген маселе бар ушул жерде. Окуп бүтүргөн эле бардык адамдарга жумуш табылат береби. Албетте бул жерде да эки тараптуу карасак жакшы болот.
Эгер, окууну, жакшы окубай, эптеп окуп бүтүрсөң, ошого жараша бир жумуш табылат. Эптеп иштей берсин деп ишке алышат, эптеп иштей бересиң, өспөйсүң, өнүкпөйсүң, айлыгың да жыргатпайт. Анан же жумуштан чыгасың, же абалды түшүнсөң, окууну жана үйрөнүүнү улантып өсүш кыласың, же
“АйТиң деле болбогон иш, мен иштеп көргөм да, айлыгы деле жыргайтпайт” – деп элдин көңүлүн түшүрүп, өзүңдүн да көңүлүңдү түшүрүп, ошол жерде кала бересиң.
Бирок, окууну баштай элек жатып,
жумуш табылабы деп ойлоонууну токтотуп, окуунун кыйынчылыктарына сабыр кылып, чын көңүл менен окусаң. Сабырдын түбү сары алтын демекчи, окууңду ийгиликтүү окусаң, эң мыкты болуп окусаң, анда жумуштун да эң мыктысы табылат.
Негизи бул жагдайда менин көп колдонгон сөзүм бар.
“Мен эч качан иш издебейм, иш мени издейт” деп келем. Чын эле окуп жаткан окууңдун майын чыгарсаң, эң мыктысы боло алсаң, анда иш издеп убара деле болбойсуң, иш сени өзү издеп келет.
Эми, тыянак чыгарып, салыштыра кете турган болсок. Мектепти эптеп бүткөн адам, университетке мугалим боло албайт. Университетке мугалим болушу үчүн, мектепти ийгиликтүү бүтүшү керек, андан кийин университетти дагы
5 жыл сабыр кылып окуп, ийгиликтүү аякташы керек. Ал эми университетти ийгиликтүү аяктаган ар бир эле студент доктор, профессор, дагы жогорку даражаларга жете албайт, дагы да изденип, дагы да сабыр кылып окушу керек.
АйТи деле дал ушундай. Ким канчалык көп изденсе, көп аракет кылса. Жумушу да, айлыгы да, пайдасы да ошончо болот. Эч окубасаң эч жерге жумушка кире албайсың, жумуш табылабы деген суроону берип жүрө бересиң. Бир аз окусаң, жумуш балким табылышы мүмкүн, бир аз акча да табылышы мүмкүн. Бирок көп окусаң, жыйынтык чыгарсаң, сөзсүз жумуш да табылат, акча да табылат. Сөзсүз көп окуш керек, көп аракет кылыш керек.
Турат Алыбаев, Токмок шаары, 23-октябрь, 2021-жыл.
299 views14:19