2021-10-15 16:56:35
rahat_amanbaevaa - деген инстаграм баракчадан алдым!
Кытайдагыдай бамбукту өстүрүп, ийгиликке жетүүнү каалаган адамдар үчүн эн жакшы өрнөк. Кытайлар бул өсүмдүктү мындайча өстүрүшөт экен:
Алгач өсүмдүктүн уругун эгишет, аны сугарып, багы шат. Биринчи жылы өсүмдүктүн уругу себилген жерден эч нерсе байкалбайт. Экинчи жылы кайрадан сугарып, багышат. Бамбук экинчи жылы да топуракты жарып чыкпайт. Бул жумуштун ыргагы беш жыл катары менен кайталанат. Бирок, бамбук бул жылы да топуракты жарып чыкпайт. Кытайлар беш жыл сабыр кылып күтүшөт, үмүт менен багышат.
Качан гана бешинчи жыл аяктап бара жатканда бамбук жашылдана баштайт. Алты аптанын ичинде орточо эсеп менен 27 метрге чейин узарат. Оюнузга келгени алгач, бамбук алты аптада 21 метр өстубу, же беш жылдабы? деген суроо келсе керек.
Бул суроонун жообу албетте беш жыл. Көчөт беш жыл катарынан сугарылып, каралбаганда 27 метрлик бамбук бул жакта турсун, өсүмдүктүн бар болушу да мүмкүн эмес эле. Ийгиликке жетүүнүн шарттары да дал ушундай: Узак моенет эмгектенүү... Дагы бир мезгил үйрөнүү менен алек тенуу керек. Анан ар дайым ишенүү зарыл. Эч качан артка кайтпоо ылаазым...
Албетте мен бул мисалга үй бүлөөнү да салыштыргым келди.... үй бүлөөдө да алгачкы беш жыл өтө маанилүү.... сабыр менен, үмүт менен,аракет менен беш жылды өткөрсө андан кийин үй бүлөө бутуна туруп кетет.... өкүнүчтүүсү ошол беш жылдык өмүрүнө жеткире койбой үй бүлөө дарагын куураткандар көбөйдү....
Аллаахым ар бир үйгө ыйман, ырыскы, сабыр берсин!
342 views13:56