2022-01-04 18:47:21
"
Continuous " группа убактысы. Continuous – "
үзгүлтүксүз; туруктуу; узакка созулган " деп которулат.
Бул убакытты колдонгондо, биз иш-аракетти
процесс катары айтабыз:
•
учурда болуп жатат,
• өткөндө белгилүү бир убакта болгон,
• келечекте бир убакта болот.
Мисалы:
• I am driving a car. – Мен машина айдап бара жатам.
Simple группадан айырмаланып, бул жерде биз фактыны билдирбейбиз, процесс жөнүндө айтабыз.
Келгиле, факт менен процесстин айырмасын көрөлү. Факт: "Мен машина айдай алам, күбөлүгүм бар."
Процесс: "Мен бир аз убакыт мурун рулга отургам, азыр айдап жүрөм, башкача айтканда, мен айдоо процессиндемин."
• I will be flying to Moscow tomorrow. – Мен эртең Москвага учам.
Эртең сиз учакка түшөсүз жана бир канча убакыт учуу процессинде болосуз. • I was talking to her for 2 hours. – Мен аны менен эки саат сүйлөштүм.
Бул мисал процесс жана бир канча убакытка (2 саат) созулганын . Башкача айтканда, биз бул иштин узактыгына көңүл бурабыз. Сүйлөмгө эмоция да камтылган: Мен аны менен 2 саат сүйлөштүм жана эч нерсе кылууга жетишпей калдым.
238 viewsedited 15:47