" Simple "группа убактысы Simple – "жөнөкөй" деп которулат. Биз муну фактыларды айтып жатканда колдонобуз: Мисалы: • I drive a car. – Мен машина айдайм. Биз адам машина айдаганды билет деп айтабыз жана бул факт. • She bought a dress. –Ал көйнөк сатып алды. Биз ал өткөн убакта (кечээ, өткөн аптада же өткөн жылы) өзүнө көйнөк сатып алгандыгы жөнүндө айтып жатабыз. • I will fly to America. – Мен Америкага учам. Мында факт жөнүндө айтып жатат: келечекте бир адам Америкага учуп кетет. Эсиңизде болсун: бир иш жөнүндө факт катары айткыңыз келсе, анда Simple тобун колдонуңуз. 254 viewsedited 15:46