Get Mystery Box with random crypto!

Future perfect Мисалы, бүгүн сиз китеп жазууну ойлонуп жата | Англис тили

Future perfect


Мисалы, бүгүн сиз китеп жазууну ойлонуп жатасыз, же балким, сиз  жаза баштадыңыз. Ал эми сиз досторуңузга жылдын аягына чейин (бир ай, бир жума ж.б.) жазаарыңызды айтасыз. Башкача айтканда, сиз даяр жыйынтыкка ээ болосуз - жазылган китеп.

Future perfect чагы сиз келечекте белгилүү бир чекит менен бир нерсе кылам деп айткыңыз келгенде колдонулат. Мисалы: “Жайга чейин арыктайм. Ал шаршемби күнү докладын бүтүрөт. Атам келгиче машинаны оңдоп коёбуз”. Көрүнүп тургандай, биз келечекте белгилүү бир жыйынтыкка ээ болобуз деп айтабыз, ошондуктан бул – Perfect чагы.