Get Mystery Box with random crypto!

Miraç Çağrı Aktaş 'Hayat kaybettiğin yerden başlar' (Жашоо 'жо | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Miraç Çağrı Aktaş "Hayat kaybettiğin yerden başlar" (Жашоо "жоготтум" дегениңде башталат.)

Бул жашоого келген ар бир адам жоготууга учурайт (өлүм себеби менен эмес). Ал сүйгөн, баалаган инсандар кээде эч бир себепсиз жашоосунан чыгып кетет. Албетте, жоготкон инсанга бул өтө оор сокку. Жаш түрк жазуучусу Miraç Çağrı бул учурларда инсандын абалын, сезимдерин түшүнгөн жана мындай учурду жашаган инсан экен. Ал эми бул китебинде инсандарды кандай кабыл алып, алар аркылуу ташталган учурда эске алуучу сөздөрдү келтириптир. Менимче, биздин жашыбызда (15-20) олуттуу жоготууларга учураган инсандар жок болсо керек (үмүттөнөм). Анткен менен адамдын жан дүйнөсүнө жылуулук тартуулаган, өзүнө ишеним көрсөтүүсүнө жардамдашкан сөздөрү кандай гана окурман болбосун ашыкчалык кылбайт деп ойлойм. Төмөндө менин котормомдо бир нече сөздөрү. Түркчөсүн да кошо жазам, түркчө билгендер болсо оригиналын окуу жакшыраак болот деген ойдо:

Бул дүйнөгө жалгыз келгенбиз. Бирисинин биздин жашообуздан кетиши да биздин өлүмүбүзгө себеп болбошу керек.

Kimseyle var olmadık ki birilerinin yokluğuyla yok olalım. Kimse kimsenin yokluğundan ölmüyor.

Бардык адамдар бактылуулукту издөө менен убара. Биздин бактылуулугубуз башкалардын бактылуулугунда катылуу. Башкаларына бактылуулук тартуулаңыз, сиздин бактылуулугуңуз сизди өзү таап келет.

Herkes deli gibi mutluluğu arıyor ve nerede olduğunu bilmiyor. Bizim mutluluğumuz başkalarının mutluluğunda gizlidir. Onlara mutluluk verin;sizinki size gelir.

Өзүң каалагандай жашаштан коркпо. Элдин сөзүнө эмес, ичиңдеги үнгө кулак салып жаша.

İstediğin gibi yaşamaktan korkma. Elâlemin sözlerine değil, içindeki sesine kulak ver.