Get Mystery Box with random crypto!

Анализ... Мурда ойлойт элем: 'бул каналды алып баруу, жазуу, | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Анализ...

Мурда ойлойт элем: "бул каналды алып баруу, жазуу, ойлорум менен бөлүшүү менин хоббим. Мага башка бирөөнүн ою кызык эмес. Баарибир жазганды уланта берем",- деп. А бирок, жаңылыпмын. Хобби болсо да колдоо керек экен. Силердин колдооңор, оюңар, реакцияңар... Ар жолу бул жакка киргенде посттун жагып жакпаганын астындагы быйтыкчалардан билем, анан же бир нерселер менен бөлүшкүм келип кетет, же 15-20 күнчө жоголгум...
Ошоо, кыскасы, бул жактагы менин активдүүлүгүм силердин активдүүлүгүңөрдүн күзгүсү, чагылышы...
А мен жазам десем кезегин күткөн блокнотторум көп...