Get Mystery Box with random crypto!

'Баткендиксиң..дейбиз ээ жай турмушта, Баары келип алышты бор | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

"Баткендиксиң..дейбиз ээ жай турмушта,
Баары келип алышты борборго,- деп..
Башкачараак сүйлөйт деп кергиштейбиз,
Батырбайбыз, сүйбөйбүз "..ошолор" деп.
Базарларда араба сүйрөшкөнүн -
Бардак,- дейбиз, фу!- дейбиз чокчолоңдоп.
Баштыгыңды джибиңе жеткирсе да,
Баалабайбыз мээнетин корсолоңдоп.

Баткен жакта чуу чыкса, согуш чыкса,
Баягылар тынчыбай койду дейбиз..
Баарын кылдат, түзүктөп иликтебей,
Бала өлсө, жаш өлсө, кары өлсө..
Бардык, көрдүк, тактадык "өлдү.." дейбиз.
Барат чоңдор, жолугат, мөөр басышат..
Бүттү. "Достук түбөлүк болду"- дейбиз.
Бир күнү анан кайрадан, согуш, өлүм..
Билип туруп "болоору болду" дейбиз.
"Баткен жалгыз эмессиң!" демиш болуп,
Баракчага "лайк" басып ойгонобуз.
Бахх ваннада жатабыз, колдо кофе,
"Баткеним.." деп калп эле толгонобуз...

Эзел мурун Баткенге барбагандар,
Элден мурун ээлигип жетип барат.
"Эл жер үчүн!" камаздар жүк артынып,
Элиталар "элим!" деп кетип барат.
Погону чоң, жүрөксүз генералдар
Поктун ишин чечпестен бөгүп жатат...
Папурусту түтөтүп ойлонгуча,
Пароходу өлкөмдүн чөгүп барат.
Четте жерин алдырган баткендиктер,
Чепти коргоп күрөшөт, канын берет.
Чепейген бир кемпирлер, абышкалар,
Чегинишпей өлкө үчүн жанын берет.

Ага-иниси чабышкан тажиктерди,
Арачалап калды элек жок болоордо,
Айкөл кыргыз, көл кыргыз, кенен кыргыз,
Абдан сооп иш кылды эле ана ошондо.
Өмүр берсең ордуна өлүм берип,
Өчөшкөнү эмнеси?! Алла тообо..
Өз жериңден өзүңдү кууп чыгып,
Өрттөп жатат үйүңдү алоолонто..
Жолду берген, суу берген, нанды берген
Жооштугубуз жеттиби түбүбүзгө?
Унаасына май берсек, аны кайра,
Узун тумшук танкеге куюп алып,
Удаа-удаа аткылайт бизди неге?..


Эрнис Кыязов