Get Mystery Box with random crypto!

Нуржигит Кадырбеков 'Азиянын арстаны' 'Япон кереметинин сыры' | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Нуржигит Кадырбеков "Азиянын арстаны"

"Япон кереметинин сыры", "Ант", "Ээсине кайткан роза" аттуу канчалаган окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан китептердин автору, Нуржигит агайыбыздын жаңы чыккан китебин окууга мен дагы силердей эле ынтызар болуп таптым.
Китеп боюнча эч кандай маалыматым жок окуп баштадым. "Азиянын арстаны" дегенде "Ант" сыяктуу өз ааламына тарткан чыгарманы элестетип баштадым. Бирок, биринчи 20 беттен кийин акыл-насаат, таалим-тарбия китеби экени белгилүү болду. Чыңгыз Айтматов агайыбыз айткандай, өзү ой жүгүртө ала турган кишиге акыл айтсаң, китеп окуу кызыкчылыгы төмөндөп кетет окшойт. Балким, азыркылар ушундай китептерге муктаждырбыз...
БИРОК, көпчүлүк насааттар сонун мисалдар аркылуу тарбиялык маанисине жеткирген. Дайымкыдай Нуржигит агайыбыздын сөз чеберчилигине таң берип окуп отурдум. Агай өз жашоосун, иш сапарын, күндөлүгүн жазып, алардын ичинен жыйынтык чыгарууну окурмандын өзүнө койгон.
10/8

Сиз дагы көпчүлүктүн суроо талабын туудурган китепти окуганга жетиштиңизби? Кандай ой-пикир кошо аласыз?
#китепкеобзор