Get Mystery Box with random crypto!

Өлөмүнбү? Жашоо бүттүбү? Кыялдарым, максаттарымчы? Арзуу тилек | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Өлөмүнбү? Жашоо бүттүбү? Кыялдарым, максаттарымчы? Арзуу тилектерим? Баарысы бир бомбанын астында талкаланып кала береби? Жо-жок! Мен өлгүм келбейт! Жашагым келет! Мен үйрөнбөгөн көп нерсе, көрбөгөн али көп жер бар. Дагы жашашым керек. Кийинки муун мени тааныгандай, эстегидей болгонго чейин, ошондойлук эмгек кылганга чейин өмүрүм болушу керек.
"Аллахтын буйругу алдында сенин каалооң бир тыйын" дегиң келип турабы? Макул, де. Айт. Эмне кыла алам? Ушул жерде өлүү жазылган болсо каршы чыга аламынбы? Үй-бүлөңдү көрбөй туруп өлөсүң деген болсо, эмне дей алам? Тагдырга каршы чыгуу колуман келмек беле?! Сен дагы миңдеген адамдардын ичинде оо дүйнө аттанып кете бересиң деген болсочу?!
Жалгыз сүйүнтүргөн нерсе ушул текстти жазып атып, көзүмө жаш келди. Демек мен тирүүмүн! Тирүүмүн! Телефон кармап олтуруу деген- коопсуз жайдасың дегени! Коопсузмун!

Бешенедеги нерсени ким биле коюптур? Мүмкүн бул түш? А эгерде түш болсочу? Ошондой болгондо... Жок. Түш эмес. Түш болгондо автоматтын такылдаган үнүнөн чочуп ойгонуп кетмекмин. Же эки элдин тамашасыбы? Ошондой болсо керек. Айылдаштарынын нашүкүр болуп кеткенин көрдү да, эркиндикти барктабаганын, бейпилчиликти баалабаганын сезди да, "эсине келтирип коёлу" деп сүйлөшүп алган болсо керек. Же адамгерчиликти сынагысы келдиби? Эгер ошондой болсо, билгиле! Адамгерчилик өлө элек экен. Көчмөн кыргыздын каны дагы деле бар экен. Жоголо элек экен. Акыркы малы менен коноктогон кыргыздар дагы деле бар экен. Мүмкүн, болуп аткандардын баары атайын даярдалган. Интермедия! Ооба, ошондой эле.
Коркуп-үркүп, качкандарга, бирөөнүн үйүндө күн кечирип жаткандарга айтайын. Жакшы кабарды, жакшы оюмду кабарлайын. Алардын жалганын ачып алганымды, тезирээк айтайын. Барышсын. Үйүнө кетишсин. Өз үйүндө ээн-эркин жашашсын. Коркууга негиз жок экенин кабарлайын. Ооба, ошентейин.
Мага окшоп башка элден паана издеп келген досум мага карап келатат. Зээриксе керек. Же сагындыбы? Ал дагы үй-бүлөсүнө куса болдубу? Ыйлап алыптыр. Жогорудагы оюмду ага да WhatsApp'тан жазган элем. Сүйүнгөнүнөн ыйлап атса керек. Оюма кошулду көрүнөт.

"Жалганчы! Сенин айыңан... Сенин айыңан агам өлдү. Өлдү! Уктуңбу?! Агамды өлтүрдүң! Сен! Сен өлтүрдүң! Сенин кайдагы сандырак ойлоруңа ишенип...