Get Mystery Box with random crypto!

💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Telegram арнасының логотипі asyloilorng — 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер О
Telegram арнасының логотипі asyloilorng — 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер
Арна мекенжайы: @asyloilorng
Санаттар: Дін , Фактілер
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 2.40K
Арнадан сипаттама

🦋Өзүн таанууга, пайдалуу иш менен элге кызмат кылып, Аллахтын ыраазычылыгына жеткен сүйүктүү кул болууга аракеттенген студенттин блогу.
💌 @gulzinanur24 - жеке байланыш үчүн.

Ratings & Reviews

2.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

2

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 38

2021-05-13 06:49:58
Бүгүн биздин майрам. Майрамыбыз кут болсун, бир тууганым!
782 views03:49
Ашу / Түсініктеме
2021-05-13 06:43:24 Рамадан... 30 күндүк бакыт... 30 күндүк бейпилдик... Жаннаттын эшигин караган 30 күн... Аргасыздан коштошуп турам. Чарасызмын... Колго конгон бакыт кушундай узап барат, белгисиз тарапка кетип барат. Кайра келер- келбеси белгисиз. Ал келет. Менин жолугар -жолукпасым күмөн. Мүмкүн бармын, мүмкүн жокмун. Бейиш жыттанган айда кайрадан бул жыпардын жытын жута аламынбы? Жутсам экен. Жуткура көр, Оо, Жаратуучум!

Сообу эселенген айда көп ибадат кылып, Бейишке даярдангым келди. Саналуу гана күндөрдө убактымды туура пайдаланып, Жаратканыма жакын болгум келди. Ниетимди түздөп, Аллахка гана жалынып, түндөлөрү сажда кылып, Аллахтан гана үмүт кылып, көз жашымды агызып дуба кылгым келди... Напсим басымдуулук кылды, ыйманым алсыздык кылды. Аллахым талап кылгандай, өзүм ниет кылгандай ибадат кыла алган жокмун.
Мүмкүн, бул нерсе менин кийинки Рамаданды дагы да чыдамсыздык менен, дагы да бийик каалоо-тилектер менен күтүүм үчүндүр?...

Азыр алым келген жалгыз нерсе- жасай алгандарымдын кабыл болуусун сурануу. Оо, Мээримдүү Аллахым! Өзүң үчүн гана ниеттенип, сообун Өзүңдөн гана үмүт кылып туткан орозобузду, окуган парз/сүннөт/тахажжуд/ нафил/ таравих намаздарыбызды кабыл кыла көр! Окулган Куран аяттарын кабыл кылгын,Аллахым! Сага айтылган зикрди кабыл кыла көр, Пайгамбарыбыз (с.а.в)га айтылган салам-салаваттарыбызды жеткире көр! Кийинки Рамаданды төрт көз түгөл, алты саныбыз аман жетүүбүздү насип кылгын,Аллахым!


[13.05.2021] [09:42]
855 views03:43
Ашу / Түсініктеме
2021-05-13 05:14:01 Ойлоруңду көзөмөлдө, сөзгө айланышы мүмкүн. Сөздөрүнңө маани бер, жүрүш-турушуңа таасир этет. Жүрүм-турумуңга көз сал, адатка айланат. Өз учурунда адаттарың сенин кишилигиңди бычымга салат, ал эми кишилигиң болсо тагдырыңды белгилейт.
#мотивация
919 views02:14
Ашу / Түсініктеме
2021-05-12 05:22:01 Адам өз өнөкөттөрүнүн кулу. Ошондуктан жакшы сапаттарды өзүнө сиңирүү зарыл.
#асылойлор
1.5K views02:22
Ашу / Түсініктеме
2021-05-11 08:29:37 Илимге ашык жан
°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°
Бисмилляхир рохмаанир рохииим
Аллахты тааны!
Ибадат кыл!
Намаз оку!
Аллахты эсте!
Шүгүр кыл!
___________________________________
Реклама жана пиар үчүн: @ilimjan01
https://t.me/ilimge_ashyk
486 views05:29
Ашу / Түсініктеме
2021-05-09 16:29:21 Саламатсыздарбы, урматтуу абитуриенттер, ЖРТ тапшырууга да 10 гана күн калды. А сиз даярсызбы? Мүмкүн алтын сертификат ээси сиз болорсуз...
А биз болсо, ЖРТ алдынан сынамык тест алып жатабыз. ЖРТнын суроолоруна жакындатылган вариянтта. Сынамык тест 11-май күнү саат 14:00дө онлайн түрүндө болот. Каттоо 10-май күнү саат 18:00гө чейин уланат. Баасы: 150 сом.
Байланыш: +996706107640
714 views13:29
Ашу / Түсініктеме
2021-05-07 18:30:06 Телеграмда мыкты каналдардын тизмесин түздүк. Бул каналдарга кирип катталып алыңыздар, эң сонун каналдар!
1.6K views15:30
Ашу / Түсініктеме
2021-05-07 10:33:13 Ийгиликке жетелей турган адаттар:

Кыялдануу;
Кылына турган иштерди алдын ала пландоо;
Эртең менен эрте туруу;
Жасап жаткан ишке бүт көңүлдү буруу;
Социалдык тармактарды аз колдонуу;
Өзүн издөө/Өзү менен алек болуу;
Маанилүү болгон ишти жасоо;
Кумир туткан инсандардан үйрөнүү;
Коркуу сезими бийлеп турса да жасоо;

#пайдалуумаалыматтар
1.6K views07:33
Ашу / Түсініктеме
2021-05-07 10:33:10
1.5K views07:33
Ашу / Түсініктеме
2021-05-06 19:26:02 Силерди бул жакта #бирнерселер'им менен жадата бербейин деп, өзүнчө канал ачып койдум. Кызыккандар болсо, катталып, окуп тургула.
@okupkoi
@okupkoi
@okupkoi
1.7K views16:26
Ашу / Түсініктеме