2021-09-28 07:10:00
мен Стамбулду сагынтам)
инстаграмда бардык местный блогерлерге жазылып алган экем
⠀
күн сайын эрте менен туруп завтрака шашып түшөм, бекер анан саат 10 го чейин да)
бетти чала жууп түшсөм, "чайбы?" деп келген эжеге неудобный болуп ордуман тура калып ийиле бердим) салам салып.
⠀
баратканда дене үчүн апельсиновый скраб ала баргам, кайра келе жатканда жүк кылбайм деп көп-көптөн иштетмей. ошондуктан күн сайын эрте менен апельсин менен душ кылам 1 саат. Стамбул кечир, сенин сууңду коромжу иштеттим, мынчалык душтан рахат алган эмесмин, бир айда армансыз жуундум.
⠀
шашпай боенуп жасанып, оозду кызылга боеп чыгам, ал тинтти мынчалык көп иштетчү эмесмин, азыр Стамбул десем оозумдагы ширин даамы келе турган болуп калды.
⠀
чыксам эле жанымдагы кофейнядагы хипстер кыз "хеллоу!" дейт, тушумда чемодан саткан сары бала магазиндин алдына чыгып уялыңкы сүйүү көздөрү менен карайт. аксессуар саткан киши "хошгелдин" деп жүз жолу өтсөм жүз жолу дагы айта берет)
⠀
дагы бассаң парфюм саткан сулуу балдар духилерин кармап колуңу бер дешет сепкени, ошол жол бүткүчө французский аромат жыттанат.
⠀
жолдо ар бири учурашат, маанайым жакшысында бардыгына жылмайып өтүп кетем, кээде ашыкча жагып кетип жатканда эки колуму шамалга көтөрүп асманды карап басам, ал жактагы адамдар, бактылуулукту сезе алат экен мени карап сүйүнүп жылмайып өтүп кетишет.
⠀
жолдо сатылган дарбызды аккуратно жегенди үйрөндүм эле) балык экмектин ичиндеги чоң пияздарды терип жегенди үйрөндүм эле.
10 лиралык портокал суюн (апельсин согу) көтөрүп алып басканды сагынам эми. эмне кылсам деп басып баратсам "Босфор босфор" деп кыйкырганын угам дагы дароо корабльга отура коем..)
⠀
көчөдө туристтер көп, кийимдер түстүү, жыттар түрдүү, чачтар түрдүү. бүтпөс майрамдай сезилдиң мага Стамбул.
⠀
Омар келет. жаш баланы паркка алып түшөм деп атасы келгендей сүйүнөм каяка барат экенбиз деп)
шашып жасанып жатсам "Хазырмысын" деп жазат, учкан бойдон түшөм.
⠀
толук айтылбаган жарым айтылган тамашаларыбызды сагынам эми)
сөзүмдү таба албай переводчикти ача калсам эле телефонумду жаап коет, дудукча-түркчө сүйлөгөндү үйрөндүм)
⠀
көчөдө мүмкүн кээде адамдар мазактап күлүп аттыбы билбейм, бирок мен бейкапар бактылуу сездим өзүмдү.
⠀
мышыктарыңан айланайын сенин
жаткан кроватька чыгып музыка коюп алып секирип аттым күн алыс) 26 га чыкканда ошентип ойнойм деп оюма эч келбептир)
⠀
Стамбул, сен мени өзүмдү аябай сүйгөндү үйрөттүң, мен өзүмдү карай алат экенимди, кам көрө алат экенимди далилдеп бердиң мага, мен каалаган адам боло алат экенимди түшүндүрдүң. мен сенде өзүм менен сүйлөшкөндү үйрөндүм.
⠀
мен байларча да убакыт өткөргөндү даамдадым) Севенхилсстин террасасында 4 коктейль ичип 100$ лык эсеп жапканда мен өзүмдү башкача мощная сездим, билесинби?)
⠀
ким менен таанышпайын, сүйлөшпөйүн өзүмдүн дарегиме чексиз восхищение, комплимент алып жаттым. кээде мен Ошто болуп, чоң контраст болгон үчүн эле "кыйынмынбы" деп ойлойт элем.
көрсө мен өзү серый эмес адам окшойм)
⠀
мен кетерге аз калганда "меня отвергли" ... ачык айтылбаса да, "келгениңде сүйлөшөбүз" менен мен баарын түшүндүм.
эртерак бул нерсени билгенде билет албайт болчум деп жаттым.
акыркы күндөрдө бутум муздап ысыбай койду, бетим күлүп жатты, бирок отвергнутая болгон жаман, бул мага тааныш.
бирок мен ага жаза албадым, унчукпадым, мага бул сезимди жашоомдо биринчи жолу берген атама жаздым.. түнү менен деңиздин жанында отуруп 2 том жазып салдым окшойт. таңга маал жөнөтүп, уктабай барып ресторанда музыка угуп отурдум.
Стамбул, сен оор күндөрдө да красочный болуп бере аласын, сенде сүйүнгөн да, ыйлаган да, кайгырган да керемет. Сендеги наргиленин түтүнү башкача чыгат) Элма чайыңа сөз жок, мен ичкен жерлер үйгө чейин салып беришти ичкеними көрүп.
⠀
качандыр бир кезде мага терапия керек болуп калса ойлонбой сага кайтмакмын жаным менин Стамбулум
⠀
ушул менен бул поездка туралуу постту жыйынтыктагым келет.
бул текстти окугандар менин эң сокровенный нерселерим менен тааныштыңыздар.
78 views04:10