2021-11-13 00:19:51
телеграмда менин жакын деп эсептеген окурмандарым чогулган деп ойлойм, жана бүгүн өзүмдөгү эң сонун сезимдерим менен бөлүшкүм келтат
бир убакта ушул сыяктуу этабын өзүм жакшы көргөн блогердин ютуб каналындагы влогунан көрүп, ага сүйүнүп аябай ыйлагам.
бардык кыйынчылыгын чогуу окуп - көрүп аябай боор тартып калуу мүмкүн экен.
азыр менде жашоодо маанилүү этаптардын бири болуп жатат. бул текстти 1 айдан бери жазам деп жаза албай жатам)
бүгүн биринчи жолу Азат менден эрте уктады футболдон келип, ошого жаза алтам) болбосо телефон такыр кармагым келбейт ал ойго болсо.
биз 2019-жылы таанышканбыз.
сммдин даамына эми кирип, международный проекттерди алып баштагам, блогум жок, бирок ишим көп. биринчи жолу мага сүрөтүн көрсөтүшкөн, "ушулар выступать этишти" деп, көрүп биринчи келген ой "күйөөм ушундай болуш керек примерно" деп ойлогом, ишенбейсинер билем, бирок ошондой ой келген.
инстаграмда жазылдым, ал жазылды, сүйлөшүп кеттик кийинчерек.
жолуктук, футбол ойногон жерге чакырат барып карап отурам, жолукканда эле химия болду ичимде, кинодогу кумир туткан адамын жаныңа келип калгандай сезим болчу эле, бирок мамилебиз өнүкпөдү.
мен даже өзүм түшүнбөйт элем, кыз-жигитпи, доспу, ким?
анан мен ишке эле берилгенди чечтим, а ага айырмасы деле жоктой болчу)
чыгынып туруп, баш-отум менен ишке кирип алам, түнү-күнү съемкаларды коюп алам, жолугушууларга барам, кыскасы "сага андай тяп-ляп мамилелер кереги жок Өмуркан" деп иштемей.
ичимде ломка болот эле кээде, пофиг деп баргым келип кетет, бирок өзүмдү колго алдым.
футбол ойногон поляга барып караган күндөр болду, ал мени байкабайт деле болчу.
бирок бир убакта кайра сүйлөшүп калдык , мен анын жанына ишке киргим келдиби, же ал мн бир иш кылабыз дедимби кыскасы барып Некстте "мага бир бала жагып калды, ал дагы рекламада иштейт экен, ошол бала менен иштегим келтат" деп жыртайып айтып бардым сүйүнчүлөп.
ошол жерде өлдү баары)
мен негедир "мен үчүн сүйүнүшөт дагы кое берет" деп ойлопмун кыялымда.
"50 оттенков манипулации" башталды ошол күндөн кийин, ал убакта азыркыдай уверенность каякта, жок да.
вообще сүйлөшпөй турган абалга жеткиришти кыскасы. негедир Нексттен кетсем бир дагы ийгилике жетпей кала тургандай ойлочу экем.
карьераны тандадым, типо. а ал мен жака чечкиндүү кадам кылгысы келчү эмес, кадам эмес "сүйөм о бу" деп айтпачу, кылганы только стеб, тамашалар, билбейм бул программа менде каяктан, ошонусу менен да тартып туруп алды.
иштеп жүрөм, морально кыйналып кеткенде жумуштан кийин 12-1 де "чыкчы" деп барам, Араванскийде басабыз. мен Азаттын жанына барганда бардык проблемалар унутулуп кетет болчу. ооба бизде серьезное отношение болбой жатты, бирок мен аныкындай забота, опека, сылык мамилени эч сезген эмесмин башка адамдардан.
ооба, мен сүйлөшпөй кое берип дагы көрдүм, ичимде башка бирөөгө жолугат баары бир бир күнү деген ойду эстегенде 120 га бөлүнүп кетет элем.
канча жолу жыйыштырып, кайра жолукмай күндөр болду.
акыркы жолу тараганыбыздан кийин ал бир да издебеди, чалбады жазбады, даже алдымдан чыкпады.
мен чыга албай жүргөн баткактан чыктым, иштен кеттим, бирок болду мен андай "непонятный неизвестность жака кайтпайм" дедим.
башка адамга, башка отношениеге өзүмө шанс бердим. бирок акыл эс менен тандалганды жүрөгүң укпайт экен, эч кимдин убактысы жөн кетишин каалабадым, чоң адамдарда сүйлөшүп сразу жыйыштырдык.
мен Азат жөнүндө ойду өзүмө блок койчумун, оюм кеткенде эле сразу "все стоп, башка нерсени ойлон" деп, анын мага жулунуп аракет кылбаганы кыздык бир намысыма тийчү.
менин үйүмдө худиси бар болчу, мен үшүгөндө алып чыгып кийгизген, ошону берип коеюн деп чечтим негедир. Араванскийде жашайт центрде, по пути токтоп чалып (канча жыл сүйлөшпөгөндөн кийин да уже) бердим худини.
сүйлөшүп туруп калдык, айланада адамдар өттат, биз турабыз, "болду, анда башка элем мен, азыр уже мындай эле көңүлүм" деген нерсе фиг болду да)
баягы химия кайра башталды, 5 минутага худи бериш керек адам турат да кетпей.
ошондо түшүндүм бул бир мимолётный нерсе эмес экенин..
кээде жолуга турган болуп калдык кайра. дагы деле непонятный мамиле..)
3.0K views21:19