2021-12-11 13:08:51
мен негедир бала кездеги кайгылуу күндөр менен бөлүшүп, башка моменттерди айтпайт экем, бүгүн жакшы воспоминанияларым менен бөлүшкүм келди.
эшикте жерди кармалап кыздар менен бир оюн ойноп отурганбыз, акам (отец) келип "жүр кызым мектепке жаздырам" деди.
ошол шакмар бойдон аками жетелеп мектепке жөнөдүк, кире бериште мугалим отуруптур журнал менен, мени отургузуп тамга сурады, жаздырды, текшерди, дароо "жакшы билет экен, өзүмдүн классыма алам" деди. (апам жарым жыл башыма уруп атып үйдө үйрөткөн да )
акам мн фотостудияга бардык, сүрөткө түшүп, документтерди даярдадык.
1-класска бардым, кимдир апасы менен кээ бир эжеси менен. а мени менен экөө тең барды. ата-эне чогуу барып баланын жашоосуна катышса оххх кандай уверенность берет билесиңерби?
акам мугалимдерим менен мамилеси жакшы болчу, негизи ошондой адам, бир адам мн таанышып калса "жүрүң чай алперем" дей берет кийинки көргөндө.
алиппе майрам, бир нерсе майрамдарда салонго алып барат, "мына кызымдын айтканындай кылгыла" дейт, көйнөктү прокатка алып берчү эң сонун "чоңдорскийлерин")))
капкара 3110 волгасы бар болчу, айнектери тонированный. ошодо крутой болуп жасанып түшөт элем мектепке)
кстати акам селфмейд, айылдан келип терек базарда грузчик болуп жүрүп өзү ошол жерден место алып кыскасы кийин боп кеткен. биздин үйдүн алдында бир убакта 3 машинасы турчу эле: 1 мерседес, 1 волга, 1 жигули. даже шофёру бар эле бир эмес экөө.
двордо ойноп атсак чыгып же кирип калса сразу 20 сом карматат болчу, мектепке дайыма 10 сомдон берет (ал убакта 1 пирожки 1 сом болчу, ошондо азыркы эсеп менен 100 сом жаш окуучуга күнүнө бергенин элестеткиле) сосед кыздар "үй-үй" ойношкондо жалбырактан тамак кылышса кадимкидей көп акчага сатып алып кетирип салчумун акчамдын баарын.
мектептеги чогулуш, майрам-сайрамга сөзсүз келет, классыбызда бир нерсе бузулуп калса, лампочка түшүп калса келип алмаштырып берип коет өзү. ошон үчүн бардык балдар менден коркот болчу, эч ким тийишпейт, королева сезет элем өзүмдү.
кийим кылганы эч апам менен түшкөнүбүздү эстей албайм, негедир акам менен кылчу экен элек. эң крейзи кийимдерди кармачу элем, "ушуну алсам болобу ака?" десем, "сени ошон үчүн алып түштүм да кызым, каалаганыңды ал" дейт эле. азыр эстесем кээде клоундукундай нерселерди эле ала берипмин.
анан ал кийимдерди кийип алып Папанга тез-тез барабыз. вниманиенин баары менде. волганын айнегин жарым кылып ачып коюп кирип барам.
баягындай двордо өткөн тойлор болот, айылда баары бири-бирине тууган го, тойлордо акама "музыка жакпады, мынандай ырга бийлегим келтат" десем барып микрофонду алып туруп, бул жердеги жаштарга музыка коюп беребиз деп мен айтканды коюп коет.
эсимде, бир жолу хбкда бир сосед бала мени бир нерсе деп шылдыңдаган, эшик күүгүм маал, акам иштен келип машинадан түшкөндө эле жүгүрүп барып айтсам, жерде турган чоң кышты алып баягы баланы кууп барып атканда жүрөгүм түшүп калган.
үйдө апам эми бекитейин деген конфет-шоколад турса "ака, мынаны жей берейинби?" десем "ошо сени жесин деп алып келдим да кызым" десе апамы көзгө карап туруп жеп коет элем)))
мектепте жаңы мугалимдер алмашып калып мени жактырбагандай болушса дароо айтат элем, акам бардыгын топтоп мектептин жанындагы ресторанга чакырып "вино алып берип коет" , эртеси уже мамилеси өзгөрөт.
директор мени "мектептин Роза Отунбаевасы" деп чакырат эле кичинемден.
акам "сени жок дегенде Германияда окутам" деп айтчу эле. 5-класска чейин менде 1 да комплекс же кем сезүү жок болчу. ушунчалык всемогущий адам артымда турган поддержканы сезчүмүн)
мен 3-класста окуганда класс жетекчим ооруп 2 жума келбей калса бардык сабактарды өзүм өтөт элем өзүмдүн классташтарыма.
кээде терек базарга да ээрчитип алат, чыкканда сөзсүз кафеге алып кирет, заказды кылганды дагы мага коет кичинекей кыз болсом да. сокторду ичип чалкалап отуруп американский фильмдердеги бир адамдай сезем өзүмдү.
жаман баа алгандан, жаман нерсе өзүм жөнүндө угузгандан аябай уялат элем акамдан. ал дагы мага ичип келгенин, же жаман нерселерин көрсөтчү эмес.
тв көрүп залда жатса башын жыттап отуруп алат элем, өтттө катуу жакшы көрөт элем)
380 views10:08