2021-08-10 16:42:09
бул ыр мага алыскы өспүрүм кезди эстетет.
эшикте кум ойноп жүргөн кара кыз, чачын тарап, оозуна помада коюп, апасынан бекинип узун сөйкөлөрдү сатып алып тагып, ойногону чыкпай калды дворго.
мусор төккөнү чыкса да кийимдерин алмаштырып, созулуп басып, айланада бардыгы аны карап тургандай сүрдөйт.
ошентип жүргөндө тагасы китайский телефон алып берип андан сайын сүйүндүрөт.
жайкы каникулга айылга бараткан, музыкасы бар телефон бул кыял болчу го ал убакта.
европа плюстагы хит ырларды көчүрүп алып наушникте угуп жыргайт.
бир күнү эшиктин алдында чачын төбөгө түйүп алып таятасынын шымдарын жууп отурса, бир бала келип "..... акең үйдөбү?" деп сурады.
ошол күнү кеч киргенде кошуна кыз кирип, номериңди Бишкекте окуган бала келип сурады эле, берип койдум деди. сыртынан сыр бербеген менен ичинен ар бир көңүл буруу өзүнчө толкундандырат.
телефон чалып баштады, маанисиз уялыңкы сүйлөшүүлөр башталды.
жолуккандан уялат, келем десе жок деп кечиктирет.
бир күнү айылга концерт келди, баягы кошуна кыз баралы деп келди, жана ал жакта баягы Бишкектен бала да болоорун айтты)
өзү тез-тез соккон жүрөк андан сайын ордунда тура албайт.
концерт күн. ошол сезондо фиолетовый аябай мода болгон, айылга келатканда жаңы алган кофтасын кийди, бекиткен сөйкөсүн такты, образына туура келбей калган шортасын кийип, мозоль кылган бут кийимин кийип, үйдөгүлөргө кечки тамакты берип коюп концертке жөнөдү. кулакта JLo - brave.
концертке барды, алыстан көз караш байкалат, бир маалда Бишкектен келген бала кошуна кыз менен учурашканча ал мн колун катуу кысып көзү менен көзүн карап учурашып койду. ошол мн концерт бүткөнчө сүйлөшүшкөн жок, айыл да бул)
бүттү, үйгө кайтып башташты, кошуна кызга сүйлөмүш болуп узатып келатып, кандайдыр бир образ менен экөө калып калды.
жол да бүтүп, үйдүн жанына жетти. коштошо албай кыйла турушту, сүйлөшкөн да жок, жөн эле бири-бирин карап көздөрү жылдыз болуп жанып жатты..
491 views13:42