Get Mystery Box with random crypto!

ТИЛМЕЧ

Telegram арнасының логотипі tilmech — ТИЛМЕЧ Т
Telegram арнасының логотипі tilmech — ТИЛМЕЧ
Арна мекенжайы: @tilmech
Санаттар: Санатсыз
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 13.85K

Ratings & Reviews

3.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

1

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 143

2021-05-10 18:58:56
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
2.1K viewsedited  15:58
Ашу / Түсініктеме
2021-05-10 15:36:33
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
1.8K viewsedited  12:36
Ашу / Түсініктеме
2021-05-10 09:36:08 ​​ БИТИР САДАКА БОЮНЧА СУРОО-ЖООПТОР

❏ БИТИР САДАКА ДЕГЕН ЭМНЕ?

Битир садака – Орозо айтка чейин кээ бир азык-түлүктөрдүн түрлөрүнөн белгилүү бир өлчөмдө муктаж мусулмандарга берилүүчү садаканын түрү. (“Аль-Бинаяту шарх аль-Хидая”)
 
❏ БИТИР САДАКАНЫН ӨКҮМҮ КАНДАЙ?

Ханафи мазхабы боюнча битир садака берүү ар бир мусулманга парз болуп эсептелет.
 
❏ БИТИР САДАКА КИМДЕРГЕ ПАРЗ?

Ар бир мусулманга парз. Ал өзү үчүн жана анын жоопкерчилигиндеги үй-бүлө мүчөлөрү үчүн битир садака берүүгө милдеттүү. Эгер балдары өздөрүн камсыз кылган деңгээлде болсо, анда алар өздөрү үчүн беришет. Ошондой эле ханафи мазхабы боюнча эненин курсагындагы түйүлдүк үчүн битир садака берилбейт. (“Хашият ибну Аабидин”)
 
❏ БИТИР САДАКА КАЧАН БЕРИЛЕТ?

Битир садаканын эң жакшысы – Рамазандын акыркы күнү ооз ачкандан баштап эртеси айт намазга чейинки аралыкта берилгени. Эгерде кандайдыр бир кечиримдүү себептер болсо, алдын ала да бергенге уруксат. Көпчүлүк аалымдар битир садаканы айт намаздан кечиктирбеш керек, ким кечиктирсе, анда жөн гана садака бергенге жатып калат деп айтышкан. Ал эми ханафи мазхабы боюнча кечиримдүү себептер болсо, анда кайсы убакта берсе да болот. Бирок айт намазга барардан алдын бергени мустахаб болот деп айтылган. (“Аль-Фатава аль-Хиндийя”, “Фатхуль Кадир”)
 
❏ БИТИР САДАКА КАНЧА ӨЛЧӨМДӨ ЖАНА КАЙСЫ НЕРСЕЛЕРДЕН БЕРИЛЕТ?

Ханафи мазхабында битир садаканын өлчөмү төмөнкүдөй:
–  Буудай ( ≈ 1,6 кг) ≈ 40 сом
–  Ун ( ≈ 1,6 кг) ≈ 56 сом
–  Мейиз ( ≈ 1,6 кг) ≈ 640 сом
–  Арпа ( ≈ 3,2 кг) ≈ 64 сом
–  Курма ( ≈ 3,2 кг) ≈ 512 сом
Битир садака жан башына жогорудагы азык-түлүктөрдүн бирөөсүнөн берилет. Ал эми ханафи мазхабында битир садаканы акчалай берүүгө да уруксат. Эң жакшысы жогоруда айтылган азык-түлүктөрдүн түрлөрүнөн чыгарганы, болбосо акчалай берсе да болот.
 
❏ БИТИР САДАКАНЫ КИМДЕРГЕ БЕРҮҮ КЕРЕК?

Битир садака төмөнкү түрдөгү адамдарга берилет:
1)   Кедей-кембагалдарга.
2)   Жакыр жашагандарга.
3)   Битир садака жыйнагандарга.
4)   Исламды жаңыдан кабыл алгандарга же кабыл алууга кызыккандарга.
5)   Кулдарды азат кылууга.
6)   Карызы көп адамдарга.
7)   Аллах жолундагы адамдарга.
8)   Мусапыр адамга. (“Хашият ибну Аабидин”)
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз
1.9K views06:36
Ашу / Түсініктеме
2021-05-09 18:52:59
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
1.9K viewsedited  15:52
Ашу / Түсініктеме
2021-05-09 14:50:55 ​​ ДУБА КЫЛГАН АДАМ УШУЛ ҮЧ НЕРСЕНИН БИРИНЕ ЖЕТЕТ

Кээде адам жакшы ой-тилектерин Аллахтан сурап көпкө чейин талыкпай дуба кылат, бирок эч кандай натыйжа чыкпаганын көрүп, дубам кабыл болбойт окшойт деген ойдо дуба кылууну такыр таштап коёт. Мындай кылган туура эмес! Дубаны таштап коюу өтө чоң жаңылыштык. Дуба – Аллахтын мусулманга берген эң чоң куралы. Ким ал куралды туура колдоно билген болсо, анда ал акыры көздөгөн ой-максатына сөзсүз жетет.

Билесизби, пайгамбарыбыз ﷺ хадисинде эмне деп айткан:

«Акыйкатта Аллах – Уялуучу жана Берешен. Эгерде пендеси колун сунуп Андан бир нерсе сураса, аны куру жалак кайтаргандан уялат». (Тирмизи, 3556)

Сиз дуба кылдыңызбы? Эгер кылсаңыз, анда эч кабатыр болбоңуз. Анткени кылынган дуба эч качан текке кетпейт. Нажыйжада ушул 3 нерсенин бирөөсүнө жетесиз:

➤ Аллах ал дубаңызды бул дүйнөдө кабыл кылат.

➤ Же ал себептүү сизди кырсык-балээден сактайт.

➤ Же кыяматта ал дубаңыз үчүн көптөгөн сооп-сыйлыктарды берет.

Кээ бир диний булактарда ушундай деп айтылган сөздөр бар, адамдар кыяматка барганда бул дүйнөдө кабыл кылынбаган дубалары үчүн берилген соопторду көргөндө, алар дүйнөдө эч бир дубам кабыл болбой эле койсо болмок экен деп арман кылышат. Анткени Аллах адамдын кылган дубасын эч качан текке кетирбейт, Ал аны бул дүйнөдө кабыл кылбаса, анда ага акыретте эселеген соопторду берет.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз
4.6K views11:50
Ашу / Түсініктеме
2021-05-09 08:05:54
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
2.5K viewsedited  05:05
Ашу / Түсініктеме
2021-05-08 12:24:51
Кадыр түндү кантип тосуу керек тууралуу маалыматты бул жерден окуңуз ➤➤ https://t.me/tilmech/1250
7.1K viewsedited  09:24
Ашу / Түсініктеме