Get Mystery Box with random crypto!

"Мусулман кыз" Английский курс📚

Telegram арнасының логотипі musu1mankyz — "Мусулман кыз" Английский курс📚 М
Telegram арнасының логотипі musu1mankyz — "Мусулман кыз" Английский курс📚
Арна мекенжайы: @musu1mankyz
Санаттар: Ойын-сауықтар , Дәйексөздер
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 13
Арнадан сипаттама

(\_/)
( •. •)
/ < ❤️ БеЙиШкЕ АшЫк ЖүРөК❤️
🌸الحمد لله🌸✨ مسلمة✨
☝️Ар БиР жАн ӨлҮм ДаАмЫн ТаТуУчУ!
🌸(سورة آل عمران)🌸
Инстаграм👇
https://instagram.com/_musu1man_kyz_?igshid=lwm8ajuig1r2
https://taplink.cc/_musu1man_kyz_

Ratings & Reviews

1.00

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

3


Соңғы хабарлар 8

2022-05-19 17:30:40 Кантип ыкластуу боло аламын

ЖООП :

Шейх
Солих ал- Фаузан رحمه الله :

Пайдалуу илимди билип, Аллах Таала үчүн ыклас деген эмне экенин түшүнүп , акыйданы үйрөн!

Кылып аткан ар бир амалында максатынды ондо! Бир иш кылганда дүйнө үчүн кылба! Адамдар мактаса экен деп да аткарба!
Мына ушул ыклас! Кылган амалыңдан эч нерсени көздөбөй Аллахтын ыраазылыгы үчүн жаса.

Ар бир кылган сооп амалында эч кимди Аллахга шерик кылба!

Башкалар укса экен, көрсө экен, дүйнөдөн бир байлыкка жетсем деп, кылып аткан сооп ишинден ушундай ойлордон алыс бол!

#ибадат #ыйман #намаз
357 views14:30
Ашу / Түсініктеме
2022-05-18 17:31:01 Саид Ибн Жубейрден сурашты:
“Адамдардын ичинен эң жакшы ибадат кылган ким ”

Жооп :

“Күнөө кылып алып, ошол кылган күнөө амалын эстеген сайын, кылып жаткан ибадатын аз деп көрүп, Аллах алдында өзүн төмөн сезген адам”

(Бидая ва ан-Нихая: 9/99)

#ибадат #ыйман
370 views14:31
Ашу / Түсініктеме
2022-05-17 17:31:06 Кыямат жакындап калдыбы

ЖООП:

“Кыямат качан болот деп сураганыңда эч даанышмандык (пайда) жок. Ал эми эмне амал кылып атам жана кантип ал күнгө даярданам деп суроо чыныгы даанышмандык”

Шейх Солих ал-Фаузан  (حفظه الله )
(Минхату ар-Роббания 89- бет)

#өлүм #кыямат
408 views14:31
Ашу / Түсініктеме
2022-05-16 17:30:27 Жашоо тирилик деп ибадатга чыгына албаган адамдын абалы кандай

ЖООП :

Кимде ким курсагы менен жыныстык мүчөсүн гана ойлоп жашаса - анда ал айбандардан болуп саналат.

Ибн Хиббан (رحمه الله)
(Равдат аль-Укала: 349)

#ыйман #ибадат #намаз
434 views14:30
Ашу / Түсініктеме
2022-05-16 02:00:23

Имам Табиин Робий رحمه الله ушинтип дуа кылар эле :

О, Аллахым бардык мактоо сага таандык.
Бардык жакшылык сенин колуңда.
Бардык нерселер сага кайтат.
Сен бардык макулукаттын Кудайысың.
Сенден бардык жакшылыкты сурайбыз.
Бардык жамандыктан сакташынды сурайбыз.

اللَّهُمَّ لَكَ الْحَمْدُ كُلُّهُ وبِيَدِكَ الْخَيْرُ كُلُّهُ وإِلَيْكَ يَرْجِعُ الْأَمْرُ كُلُّهُ وأَنْتَ إِلَهُ الْخَلْقِ كُلِّهِ نَسْأَلُكُ مِنَ الْخَيْرِ كُلِّهِ ونَعُوذُ بِكَ مِنَ الشَّرِّ كُلِّهِ

[مصنف ابن أبي شيبة٢٩٥٩٩]

#дуба
431 views23:00
Ашу / Түсініктеме
2022-05-15 17:30:59 Исламды туура түшүнүп, илим алгым келет, оболу эмнеден баштаймын

ЖООП :

Биринчи Таухидди үйрөнүңүз – Исламдын эң улуу илими.
Илимдин кадыры – ал эмнени окутат – ошого жараша бийик болот. Аллахты тааныткан илим - кантип эң улуу илим наамына ээ болбосун!

Эмне үчүн Таухид окуйбуз

Таухидсиз ибадат туура болбойт.

Адамдын жаралуу максатынын сыры – Таухид.

Аллах түшүргөн ыйык китептердин негизи – Таухид.

Пайгамбарлардын дааватынын маңызы – Таухид.

Биздин Пайгамбар Мухаммад ﷺ эң биринчи айткан жана өлөөрүндө бизге эскерткен нерсе – Таухид

#ыйман #Таухид
387 views14:30
Ашу / Түсініктеме
2022-05-15 13:32:15 Тогуз ай көтөрүшөт курсагында,
Чарчаса чарчабаса баары бир да.
Мээримин бизге төгүп ал апалар,
Чыдады күндүн суук ысыгына.

демекчи Кымбаттуу апалар, энелер сиздердин бүгүнкү "Энелер күнү" менен баарыңыздарды куттуктаймын . Аллахым ден соолугунуздарды чың , өмүрүңүздөрдү берекелүү кылсын. Баарыңыздарга эки дүйнөлүк бакыт каалаймын . Биз сиздерди жакшы көрөбүз
391 views10:32
Ашу / Түсініктеме
2022-05-15 02:01:34
"Оо, Аллахым Ыйманыма ыйман кошкон, эки дүйнө көзүмдүн кубанычы болгон, балдарыма такыба эне боло турган жакшылык кылып бергин, балдарга тарбия берүүдө өзүңдүн өкүмүнө, пайгамбарыбыз с.а.в.дын сүннөтүнө амал кыла тургандардан кылгын бизди" - деп келечектеги үйлөнүп жаткан жубайыныздарга дуба кылсаңыздар болот.

Текст аманат
414 views23:01
Ашу / Түсініктеме
2022-05-14 17:31:17 Ширк кылган адамга кандай коркунучтар бар

ЖООП:

Адам ширк кылса :

Кылган сооп амалы кабыл болбойт
Бул дүйнөдө тынчтыкта жашай албайт.
Акыретте зыянга учурайт
Кылган бардык амалдары жок болуп кетет
Аллахтын ырайымынан айдалат
Күнөөсү кечирилбейт
Тозокко кирет
Тозокто түбөлүк калат
Бейиш ага арам болот
Аллахтын каарына түшөт
Эң чоң адашууда болот

Жогорудагы айтылган бөлүктөргө ар бирине Куран - хадистен далилдер бар.

Урматтуу тууган, ойлонуп көрүнүзчү кандай бактысыздык - эгерде ширк кылып өтүп кеткен болсок! Аллах сактасын!

Ошол үчүн Пайгамбар саллаллаху алейхи уа салам 10 жыл элин, ширктен арылып Жалгыз Аллага гана ибадатты арноого чакырып келди. Он жыл ичинде намаз, орозо, зекетге чакырган жок. Себеби адам ширктен арылып Жалгыз Аллахка ибадатты арнабаса кылган ибадаттарынан пайда жок.

#ширк
443 views14:31
Ашу / Түсініктеме
2022-05-13 16:14:10 Эң негизгиси жүрөк таза болуп, ыйманың болсо болду - деп калышат

Шейх Мухаммад Солих
аль–Усеймин رحمه الله

ЖООП :

Ыйман өзү гана жетишсиз, аны сөзсүз сооптуу амал коштоосу зарыл. Ошол үчүн кээбир салафтарга “Лаа илааха илла Аллах" Бейиштин ачкычы эмеспи?, б.а. ким аны айтса ал үчүн Бейиштин эшиги ачык эмеспи" деп суроо берилгенде, алар: “Ооба, бирок тиштери жок ачкыч ача алабы?!" деп жооп беришкен.

"Тафсир Сура аль-Кахф 1/10"

Жүрөгү таза адам амал кылат. Сөз менен айтып ЫЙМАНЫМ бар деп бирок амалы жок - бул өтө кооптуу нерсе.

Ыйман - бул жүрөк менен ишенип, тил менен айтып, дене менен аткаруу.

#ыйман
534 views13:14
Ашу / Түсініктеме