2022-05-20 17:31:04
Жалган хадистерди таркаткандар боюнча Пайгамбар ﷺ эмне деген
ЖООП :
Бухари жана Муслимдин хадис жыйнактарында Алиден хадис келет. Пайгамбар ﷺ айтты : «Менин атыма жалган айтпагыла. Ким менин атымдан жалган айтса – Тозокко кирет».
Абу Хурайрадан риваят Пайгамбар ﷺ айтты : «Ким менин атымдан атайылап жалган айтса – өзүнүн ордун Тозоктон издей берсин». Бул хадис дагы Бухари жана Муслимде келтирилет.
 Мугира ибн Шуъба риваят кылат Пайгамбар ﷺ айтты: «Менин атымдан жалган айтуу башка бирөөнүн атынан жалган айтууга тете эмес. Ким менин атымдан атайлап жалган айтса – өзүнүн ордун Тозоктон издей берсин».
(Бухари, Муслим)
Самира ибн Жундуб айтат Пайгамбар ﷺ айтты: «Ким менин атымдан хадис айтса жана ошол хадис жалган экенин билип турса – ал жалганчылардын бирөөсү экен» (Муслим).
Ан-Навави айткандай “ошол хадис жалган экенин БИЛИП турса” же жок дегенде “ошол хадис жалган деп ОЙЛОСО” деп эки вариант менен окуса болот.
Жогорудагы хадистер Пайгамбардын ﷺ атынан жалган сөз айтуу арам экендигин көрсөтөт. Калп экендигин билген болсо же жок дегенде ал калп болуш керек деп күмөндөнсө да – ал нерсени башкаларга хадис деп айтуу – арам иш. Эгер башкаларга таркаткан болсо – ал хадис заиф же жалган экендигин – кошо эскертип коюш керек.
binbaz.org.sa/article/560
Шейх Абдулазиз Ибн Баз (1910-1999-ж.ж.)
Сауд Аравиясынын мурдакы муфтийи
“Фетва Берүү боюнча Туруктуу Комитеттин” төрөгасы
“Чоң аалымдар Кеңешинин” төрөгасы
#хадис #ыйман #ибадат
450 views14:31