Get Mystery Box with random crypto!

Эң негизгиси жүрөк таза болуп, ыйманың болсо болду - деп калыш | "Мусулман кыз" Английский курс📚

Эң негизгиси жүрөк таза болуп, ыйманың болсо болду - деп калышат

Шейх Мухаммад Солих
аль–Усеймин رحمه الله

ЖООП :

Ыйман өзү гана жетишсиз, аны сөзсүз сооптуу амал коштоосу зарыл. Ошол үчүн кээбир салафтарга “Лаа илааха илла Аллах" Бейиштин ачкычы эмеспи?, б.а. ким аны айтса ал үчүн Бейиштин эшиги ачык эмеспи" деп суроо берилгенде, алар: “Ооба, бирок тиштери жок ачкыч ача алабы?!" деп жооп беришкен.

"Тафсир Сура аль-Кахф 1/10"

Жүрөгү таза адам амал кылат. Сөз менен айтып ЫЙМАНЫМ бар деп бирок амалы жок - бул өтө кооптуу нерсе.

Ыйман - бул жүрөк менен ишенип, тил менен айтып, дене менен аткаруу.

#ыйман