Исламды туура түшүнүп, илим алгым келет, оболу эмнеден баштайм | "Мусулман кыз" Английский курс📚
Исламды туура түшүнүп, илим алгым келет, оболу эмнеден баштаймын
ЖООП :
Биринчи Таухидди үйрөнүңүз – Исламдын эң улуу илими.
Илимдин кадыры – ал эмнени окутат – ошого жараша бийик болот. Аллахты тааныткан илим - кантип эң улуу илим наамына ээ болбосун!
Эмне үчүн Таухид окуйбуз
Таухидсиз ибадат туура болбойт.
Адамдын жаралуу максатынын сыры – Таухид.
Аллах түшүргөн ыйык китептердин негизи – Таухид.
Пайгамбарлардын дааватынын маңызы – Таухид.
Биздин Пайгамбар Мухаммад ﷺ эң биринчи айткан жана өлөөрүндө бизге эскерткен нерсе – Таухид
#ыйман #Таухид