2020-05-10 19:47:16
К.КАРАСАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ#eldemi #university
1)Жалпы маалымат: К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети-алдыңкы жана элиталык жогорку окуу жайларынын бири, Кыргызстандагы гуманитардык билим берүүнүн лидери, Евразия Университеттердин Ассосациясынын мүчөсү.
БМУнун миссиясы:Орто жана жогорку профессионалдык гуманитардык жана социалдык-экономикалык билим берүү менен азыркы эмгек рыногуна өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына жана атаандаштык жөндөмүнө жооп берген адистерди даярдоо.
Бишкек мамлекеттик университетинин базасында 40кафедра жана колледжди камтыган 9 факультет, үзгүлтүксүз жана дистанциялык билим берүү институту жана 18 илимий борбор бар.
2)Эмне үчүн БМУ? БМУ билим берүү, котормо иш-аракети, экономика, саясат жана эл аралык мамилелер жаатында 40тан ашык билим берүү программаларын дүйнөлүк 16 тилде (кыргыз, орус, англис, немец, италия, түрк, кытай) жогорку класстагы адистерди даярдоону ишке ашырат.
Батыш Европа жана Чыгыш мамлекеттеринин тилдерин үйрөтүүчү 50дөн ашуун чет элдик профессорлор иштеген университет.
3)Кандай алмашуу программалары бар?БМУ эл аралык мамилелердин ири тармагына ээ.Америка, Европа, Азия мамлекеттеринин 70тен ашуун университеттери менен эл аралык кызматташта.БМУнун студенттери жыл сайын Кытай, АКШ, Германия, Россия, Казакстан, Украина, Белорус, Польша, Румыня, Франция, Түштүк Корея, Япония, Малайзия, Индия, Улуу британия өлкөлөрүнө окуп келүүгө жана тилдик стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Окуу жай сайтына шилтеме:www.bhu.kg
3.0K views16:47