Get Mystery Box with random crypto!

​​ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК УНИВЕРСИТЕТ #eldemi #university 1)Жа | КР Университеттери

​​ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК УНИВЕРСИТЕТ

#eldemi #university

1)Жалпы маалымат:
Кыргыз Республикасынын Эл аралык Медициналык Университети - бул эл аралык макамга ээ болгон жана "Сапаттуу Билим" Билим берүү мекемелерин жана программаларын аккредитациялоо агенттигинин көз карандысыз аккредитациясынан өткөн, тез өнүгүп келе жаткан инновациялык билим берүүчү жана илимий-изилдөө мекемеси, ошондой эле Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун WDMS каталогунда катталган.
Бүгүнкү күндө Эл аралык медициналык университет Кыргыз Республикасында салыштырмалуу жаш университет болуп саналат, анын 3 факультети(дарылоо иши,стоматология жана формация), 1 колледжи, 1 мектеби, Авиценна медициналык клиникасы, илимий борбору жана "Санат-Ден Соолук" телестудиясы бар.
2)Эмне үчүн ЭАМУ?
Эл аралык медициналык университет - уникалдуу жана универсалдуу кампус, анда клиникалык база, окуу жана илимий билим берүү борборлору, медициналык биофизика, химия, биология жана адам анатомиясы лабораториялары бар.
Университет көп деңгээлдүү билим берүү тутумуна ээ: университетке чейинки даярдоо (мектеп),сертификатталган адисти даярдоо (университет),ординатура,аспирантура, докторантура, квалификацияны жогорулатуу, кесиптик даярдоо жана практика.
Окуу жай сайтына шилтеме:http://imu.edu.kg