Get Mystery Box with random crypto!

КР Университеттери

Telegram арнасының логотипі kg_univer — КР Университеттери К
Telegram арнасының логотипі kg_univer — КР Университеттери
Арна мекенжайы: @kg_univer
Санаттар: Білім
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 551
Арнадан сипаттама

Бул каналдын жардамында сиз өлкөбүздөгү университеттер тууралуу маалымат ала аласыз. Каналды колдонууда кандайдыр бир суроо жаралса @eldemikg_bot кайрылыңыз!

Ratings & Reviews

2.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 3

2020-05-07 17:10:37 ​​БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИ

#eldemi #university

1)Жалпы маалымат:
Борбордук Азиядагы Америка Университети эл аралык, көп тармактуу билим берүүчү мекеме. БААУнун миссиясы - Борбордук Азиядагы өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн жаңы, билимдүү, алдыңкы кадрларды Америкалык гуманитардык билим берүүнүн мыкты салттарына даярдоо.
Окуу жайдын окутуу планына даярдоочу программа (Жаңы муун академиясы), 14 бакалавр жана 10 магистрдик программа кирет.
Мындан тышкары америкалык университет орто мектептердин 9-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнө уникалдуу 3 жылдык билим берүү программасын сунуштайт. 2 диплом (Кыргызстан жана Швейцария) берген БААУнун Инновациялык колледжи 8 инновациялык багыт боюнча студенттерди даярдоону ишке ашырат. Ар бир багыт эмгек рыногунда болуп жаткан трансформацияларды эске алат жана болочок өзгөрүүлөрдү да болжолдоп, ага даярдайт. Колледждин студенттерине билим берүүдө басым сын көз карашта ой жүгүртүү, IT-технологиялар, математика жана англис тилине жасалат. Бул жерде окутуу эркин жана сын көз караштык билим берүүнүн америкалык салттарына ылайык жүргүзүлөт. БААУнун Инновациялык колледжи тууралуу кенен маалыматты бул жерден көрүп алсаңыз болот: https://tsi.auca.kg/.
2)Эмне үчүн БААУ?
БААУ – Бард колледж менен өнөктөштүктө АКШнын аккредитацияланган даражаларын ыйгарган Борбор Азиядагы биринчи университет.
Бүгүнкү күндө БААУ дүйнөлүк ЖОЖдордун QS Эл аралык рейтингине кирген Кыргызстандын жалгыз окуу жайы болуп саналат.
Окууну аяктагандан кийин, БААУ студенти АКШнын гуманитардык илимдер боюнча аккредитацияланган дипломуна ээ болот.
БААУнун кампусу – өзүнчө бир уникалдуу курулуш. 2017-жылы анын долбоорун түзгөн архитектуралык агенттик “Инновациялык пландаштыруу жана кампустун динамикалык интерьери үчүн” American School & University журналынын абройлуу Louis I. Kahn Citation сыйлыгына татыган.
3)Кандай алмашуу программалары бар?
БААУ Бард колледжи менен катар дүйнөнүн көптөгөн ЖОЖдору жана уюмдары менен кызматташат.
Бард эл аралык билим берүү колледжи (PIE) программасы өзүнүн эл аралык өнөктөштөрүнүн арасынан студенттерди бир семестр үчүн Гудзон кампусундагы Аннандейлде (Нью-Йорк, АКШ) окууга кабыл алат.
Окуу жай сайтына шилтеме:http://www.auca.kg/
3.0K views14:10
Ашу / Түсініктеме
2020-05-04 15:20:13 ​​К.МОЛДОБАСАНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК КОНСЕРВАТОРИЯСЫ

#eldemi #university

1)Жалпы маалымат:
Кыргыз Улуттук Консерваториясы-республикада эң ири чыгармачылык потенциалы бар кесипкөй музыкалык университет.
Окуу процесси 10 багытта 4 факультетте жүргүзүлөт
Консерваторияда элдик педагогиканын негизин жана академиялык билим берүүнүн дүйнөлүк салттарын айкалыштырган музыкалык методологиянын тутуму иштелип чыккан. Консерватория фортепиано, соло академиялык жана салттуу ырдоо адистиги боюнча жогорку квалификациялуу кадрларды, Кыргыз элдик жана симфониялык аспаптар боюнча концерт аткаруучуну, музыкалык аткаруучуну, хор жана опера-симфониялык дирижерлукту, композицияны, музыкологияны жана хореографты даярдайт.
2)Эмне үчүн КУК?
Дүйнөгө белгилүү музыканттар КУКда мастер-класстарды өткөрүшөт: Йо-Йо Ма, Кэтрин Вударт жана Коко Йорк (АКШ), Дмитрий Башкиров, Андрей Писарев, Сергей Словачевский (Россия), Луи Склавис жана Майкл Швайзер (Франция), Мартин Студер жана Сюзан Хаслер (Швейцария), Саид Элеманова (Казакстан) ж.б.
Консерваторияда эл аралык мамилелердин өнүккөн системасы бар. Окутуучулар, аспиранттар, студенттер жана КНКнын бүтүрүүчүлөрү эл аралык форумдарга, фестивалдарга жана сынактарга активдүү катышат.
3)Кандай алмашуу программалары бар?
Консерватория бир катар чет элдик университеттер менен өнөктөш:
Курмангазы атындагы Казак улуттук консерваториясы(Казакстан, Алматы)
Өзбекстандын Мамлекеттик консерваториясы (Өзбекстан, Ташкент) - Меморандум
Ереван мамлекеттик консерваториясынын Гюмри филиалы Комитас (Армения, Гюмри)
Jazepa Vitola латыш музыкалык академиясы(Латвия, Рига)
Кемерово мамлекеттик маданият институту (Россия, Кемерово)
Загира Исмагилова атындагы Уфа мамлекеттик искусство институту(Россия, Уфа)
Окуу жай сайтына шилтеме:http://conservatory.kg/
2.9K views12:20
Ашу / Түсініктеме
2020-05-01 13:47:03 ​​К.И.СКРЯБИН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ

#eldemi #university

1)Жалпы маалымат:
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университети айыл-чарба тармагы үчүн кадрларды даярдоочу, ошондой эле айыл чарба тармагында илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн жалгыз жогорку окуу жайы.
Университет алты факультеттен, 33 бөлүмдөн, 4 колледжден, мектеп-лицейден, Сокулук районундагы окуу-эксперименталдык чарбадан жана 4 илимий-изилдөө институтунан турат.
Университеттин миссиясы:
Агроөнөржай комплексинин туруктуу өнүгүүсү үчүн жогорку деңгээлдеги квалификациялуу, интеллектуалдык жактан өнүккөн, мезгилдин талабына тез ылайыкташып талап кылынган адистерди жана илимий кызматкерлерди даярдоо, ошондой эле университеттин кесипкөйлөрдү даярдоо боюнча эл аралык таанылган борбор катары калыптанышы.
2)Эмне үчүн КУАУ?
Бүгүнкү күндө КУАУ республиканын тагдырын чечүүчү беш жогорку окуу жайлардын бирине кирет. Ал республиканын агрардык секторунун экономикасы үчүн жогорку жана ортоңку квалификациядагы илимий-педагогикалык адистерди даярдап чыгарат.
3)Кандай алмашуу программалары бар?
КУАУ агрардык билим берүү жана илим жаатындагы эл аралык төмөнкүдөй долбоорлорду ишке ашырат:
Эразмус Мундус программасы, CASIA "Борбордук Азия менен ЕБнин ортосунда Эл аралык академиялык студенттер алмашуу"проектиси
Эразмус Мундус программасы, eASTANA "Техникалык ЖОЖдордун евроазиялык колдонмо тармагы"долбоору
TEMPUS программасы, SIBELES "Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында билим берүүнү реформалоого алып баруучу Болониянын билим берүү принциптерине негизделген окуу программасы"долбоору
TEMPUS программасы, EPASAT "Туруктуу айыл чарба технологияларын иштеп чыгуу жана колдонуу аркылуу айлана-чөйрөнү коргоо"долбоору
UPAGES-KYR долбоору, Берлиндин Гумбольдт университети менен биргеликте "Кыргызстандын бийик тоолуу жайыттарынын мисалында Борбордук Азиядагы айыл чарба экосистемаларын пайдалануу жана коргоо".
Университет сайтына шилтеме:knau.kg
2.9K views10:47
Ашу / Түсініктеме
2020-04-27 20:23:46 ​​КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК АКАДЕМИЯСЫ

#eldemi #university

1)Жалпы маалымат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы бүгүнкү күндө юриспруденция тармагында илимий жана педагогикалык кадрларды даярдоонун күчтүү изилдөө жана инновациялык борбору болуп саналат
Академияда окутуунун негизги профилдери: эл аралык укук, сот-прокурордук, адвокатура жана юстиция, укук жана ишкердик, тергөө-криминалистикалык, башкаруу жана укук ж. б. Билим берүүдө инновациялык технологиялар колдонулат.
КМЮАда жогорку кесиптик билим берүү көп деңгээлдүү система менен ишке ашырылат. Адистерди даярдоо билим берүүнүн үч базалык траекториясы боюнча жүргүзүлөт:бакалавр жана адистик программалары, магистратура программалары
Академияда 7факультет, юридикалык коллеж, ошондой эле ага караштуу Ысык-Көл юридикалык институту, Нарын юридикалык коллежи, Талас юридикалык факультеттери бар.
2)Эмне үчүн КМЮА?
Академия юриспруденция,укук коргоо,соттук илим боюнча окуу материалдарын жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу боюнча негизги университет
КМЮАда кесиптик ишине байланышкан практикалык тажрыйбаларды бекемдеген бирден-бир Г. Гросс атындагы окуу-инновациялык криминалисттик комплекс иш алып барат.
3)Кандай алмашуу программалары бар?
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы эки тараптуу, көп тараптуу жана узак мөөнөттүү эл аралык долбоорлордун алкагында иш алып баруу менен, эл аралык мамилерди активдүү өнүктүрүп келет.Россия, Кытай, Казахстан, АКШ, Азербайджан, Германия, Түркия жана башка өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен кызматташтыкты жөнгө салып,келишимдер кабыл алынган.
Окуу жай сайтына шилтеме:http://www.ksla.kg
5.4K viewsedited  17:23
Ашу / Түсініктеме
2020-04-23 07:00:15 ​​Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КУРУЛУШ,ТРАНСПОРТ ЖАНА АРХИТЕКТУРА УНИВЕРСИТЕТИ

#eldemi #university

1)Жалпы маалымат:
Кыргыз мамлекеттик курулуш,транспорт жана архитектура университети-эл аралык илимий-билим берүү мейкиндигинде таанылган,жогорку кесиптик билим берүүдө жана илимий-изилдөөдө жогорку сапатты ишке ашыруучу инновациялык типтеги университет.КМКТАУ инженер-куруучуларды,архитекторлорду,транспортчуларды,экономисттерди жана IT-адистерди даярдоонун флагманы.
КМКТАУнун миссиясы:Эмгек рыногунда атаандаштыкка туруктуу,компоненттүү адистерди даярдоо менен инсандын,коомдун жана мамлекеттин билим берүүдөгү,илимий изилдөөдөгү жана инновациядагы муктаждыгын канааттандыруу.
2)Эмне үчүн КМКТАУ?
Университет ARES европалык сапат стандартынын «ВВВ+ деңгээли сертитификаты» менен тастыкталган жогорку эл аралык рейтингге ээ жана Кыргызстандын мыкты беш жогорку окуу жайларынын катарына кирет.
Европанын 200 мыкты университеттеринин катарында
КР Өкмөтү тарабынан ар 3 жылда бир ирет мыкты 2 университеттерге берилүүчү "Сапат" сыйлыгына ээ болгон
Окутуу программалары Европанын эки эл аралык агентстволору тарабынан аккредитацияланган,б.а. университеттин дипломдору Европада жана бүткүл дүйнөгө таанылган.
3)Кандай алмашуу программалары бар?
Университетте Болон декларациясынын принциптерине негизделген билим берүүнүн Европалык үч баскычтуу системасы боюнча кадрларды даярдоонун практикага-багытталган программасы ишке ашырылат.Россия Федерациясынын, Германиянын, Австриянын, Индиянын, Швециянын, Нидерланддын, Эстониянын, Франциянын, Улуу Британиянын, АКШнын, Кытайдын, Таиланддын, Иорданиянын, Турциянын, Түштүк Кореянын ж.б ЖОЖдору жана илимий борборлору менен кызматташуунун узак мөөнөттөгү келишимдери бекитилген.
Окуу жай сайтына шилтеме:www.ksucta.kg
2.9K views04:00
Ашу / Түсініктеме
2020-04-20 16:39:45 Channel photo updated
13:39
Ашу / Түсініктеме
2020-04-20 16:39:28 Channel photo updated
13:39
Ашу / Түсініктеме
2020-04-20 16:39:19 Channel photo updated
13:39
Ашу / Түсініктеме
2020-04-20 16:39:08 Channel photo updated
13:39
Ашу / Түсініктеме