Get Mystery Box with random crypto!

ЖРТ - "СЕКОМ"

Telegram арнасының логотипі jrtsecom — ЖРТ - "СЕКОМ" Ж
Telegram арнасының логотипі jrtsecom — ЖРТ - "СЕКОМ"
Арна мекенжайы: @jrtsecom
Санаттар: Білім
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 2.13K

Ratings & Reviews

2.50

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 16

2021-10-22 07:00:07 Практикалык грамматика
500 views04:00
Ашу / Түсініктеме
2021-10-20 07:04:01
3) 1-абзацта айтылган ойду 2- жана 3-абзацта айтылгандар
Anonymous Quiz
19%
жыйынтыктап турат
9%
төгүндөп турат
38%
далилдеп турат
34%
толуктап турат
170 voters502 views04:04
Ашу / Түсініктеме
2021-10-20 07:03:01
2) Текст боюнча сезүүнүн жаңы табылган органы эмне?
Anonymous Quiz
64%
Шванн клеткалары
25%
эпидермис
8%
дерма
3%
белок
166 voters512 views04:03
Ашу / Түсініктеме
2021-10-20 07:02:01
1) Текст эмне жөнүндө?
Anonymous Quiz
6%
нервдердин корголуусу жөнүндө
67%
ооруну сезүүчү клеткалар жөнүндө
11%
дененин өзгөчөлүктөрү жөнүндө
15%
клеткалардын мээге сигнал жөнөтүүсү жөнүндө
163 voters493 views04:02
Ашу / Түсініктеме
2021-10-20 07:01:01 Тери эмне үчүн ооруну сезет?
Чор болгон таманга же алаканга ийне сайсаңыз, денеңиз оорубайт. Эмне үчүн? Көрсө, кишинин терисинде ийне сайылганын жана соккунун оорусун өтө жакшы сезчү атайын орган бар экен. Муну Швециянын Каролинска институтунун окумуштуулары табышты.
Профессор Патрик Эрнфорстун айтымында, ооруну сезүүчү клеткалар Шванн клеткалары деп аталып, формасы жагынан сегиз буттуу жандыкка бир аз окшошуп кетет. Шванн клеткалары нервдерди айланчыктап, коргондой коргоп турушат. Алар нерв клеткаларына механикалык кысым болгонун сезип, мээге сигнал жөнөтүшөт. Мээ бул сигналды алган соң ийненин учу сайылган жерге сигнал жиберип, киши ооруну сезет.
Окумуштуулар оптогенетика ыкмасын пайдаланып, чычкандардын Шванн клеткаларын жарыкты өзүнө сиңирип алчу белоктор менен байытышкан. Жарык клеткага жеткидей сиңгенде, белок Шванн клеткаларын жандандырып, чычкан буттарын улам сереңдете баштаган. Шванн клеткаларын иштен чыгарып салганда, чычкандар ооруну сезбей калышкан.
Сезүүнүн жаңы табылган органы эпидермис менен анын астындагы органдардын ортосундагы дерма (кориум, кутис) кошулган чек арада жайгашкан глиалдык клеткалардан турат. Глиалдык клеткалар денеге ийне сайылганда же денени катуу кысканда пайда болуучу механикалык дүүлүгүүнү аябай жакшы сезишет.
Бул ачылыш дененин сезүүсүнүн клеткалар деңгээлиндеги механизмин түшүнүүгө жардамдашат жана хроникалык оорунун табиятын түшүнүүдө чоң роль ойношу мүмкүн.
(Амирбек Азам уулу)
511 views04:01
Ашу / Түсініктеме
2021-10-20 07:00:05 Окуу жана түшүнүү
479 views04:00
Ашу / Түсініктеме
2021-10-18 12:16:41 Аналогиялар
130 views09:16
Ашу / Түсініктеме