Get Mystery Box with random crypto!

Тери эмне үчүн ооруну сезет? Чор болгон таманга же алаканга ий | ЖРТ - "СЕКОМ"

Тери эмне үчүн ооруну сезет?
Чор болгон таманга же алаканга ийне сайсаңыз, денеңиз оорубайт. Эмне үчүн? Көрсө, кишинин терисинде ийне сайылганын жана соккунун оорусун өтө жакшы сезчү атайын орган бар экен. Муну Швециянын Каролинска институтунун окумуштуулары табышты.
Профессор Патрик Эрнфорстун айтымында, ооруну сезүүчү клеткалар Шванн клеткалары деп аталып, формасы жагынан сегиз буттуу жандыкка бир аз окшошуп кетет. Шванн клеткалары нервдерди айланчыктап, коргондой коргоп турушат. Алар нерв клеткаларына механикалык кысым болгонун сезип, мээге сигнал жөнөтүшөт. Мээ бул сигналды алган соң ийненин учу сайылган жерге сигнал жиберип, киши ооруну сезет.
Окумуштуулар оптогенетика ыкмасын пайдаланып, чычкандардын Шванн клеткаларын жарыкты өзүнө сиңирип алчу белоктор менен байытышкан. Жарык клеткага жеткидей сиңгенде, белок Шванн клеткаларын жандандырып, чычкан буттарын улам сереңдете баштаган. Шванн клеткаларын иштен чыгарып салганда, чычкандар ооруну сезбей калышкан.
Сезүүнүн жаңы табылган органы эпидермис менен анын астындагы органдардын ортосундагы дерма (кориум, кутис) кошулган чек арада жайгашкан глиалдык клеткалардан турат. Глиалдык клеткалар денеге ийне сайылганда же денени катуу кысканда пайда болуучу механикалык дүүлүгүүнү аябай жакшы сезишет.
Бул ачылыш дененин сезүүсүнүн клеткалар деңгээлиндеги механизмин түшүнүүгө жардамдашат жана хроникалык оорунун табиятын түшүнүүдө чоң роль ойношу мүмкүн.
(Амирбек Азам уулу)