Get Mystery Box with random crypto!

ЖРТ - "СЕКОМ"

Telegram арнасының логотипі jrtsecom — ЖРТ - "СЕКОМ" Ж
Telegram арнасының логотипі jrtsecom — ЖРТ - "СЕКОМ"
Арна мекенжайы: @jrtsecom
Санаттар: Білім
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 2.13K

Ratings & Reviews

2.50

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 25

2021-05-08 09:47:53 Практикалык грамматика
2.2K views06:47
Ашу / Түсініктеме
2021-05-06 11:06:11 (1) Төрөлгөн баланын ата-энеси, демейде, ага ат берүү укугун өзүнөн улуу жакын адамдарына ыроолойт. Уулума же кызыма ак бата берип, ысым ыйгарыңыз деп биринчи кезекте өз ата-энелерине кайрылышат. Алар өз кезегинде чоң ата-чоң энеге, айрым учурларда таята-таенеге ушул сыймыктуу озуйпаны өтөөгө жол бошотуп беришет. Чүрпөсүнө өз алдынча ат тандоо адепсиздиктин, салт билбестиктин белгиси катары бааланган.
(2) Ат коюу акысына ээ болгондордун ана башында айылдын аксакалдары, аалымдар, олуялар, устаттар, бий-төбөлдөр да болушкан. Бул ысымды түкүн залкар, балан баатыр ыйгарган деп айтуу да өзүнчө бир сыймык эмеспи.
(3) Беделдүү-белдүү адамдардын алдынан өтүп, анын атын өз бөбөгүнө ыйгарууга уруксат суроо салты да бар бизде.
(4) Ушундай жолдор менен ата-эне бир канча максатка жеткен. Биринчиден, атын сиз коюп бериңиз деген кичипейилдик кимдин гана болбосун жүрөгүн жылытпай койбойт. Жүрөктүн жылышы жана жибиши — бул берилген ак батанын дал өзү. Экинчиден, аны-муну көбүрөөк көрүп, тереңирээк билген улуу адамдардан, дагы да олуттуу сунуш, салакалуу акыл чыгары чындык. Үчүнчүдөн, бул — көңүл алуунун мыкты жолу. Таарынышкандарды табыштырчу, тааныштарды жакындатчу, жакындын жакындыгын, кымбаттыгын тастыктачу адамгерчилик ишарат. Төртүнчүдөн, чыгаан адамдарга ат койдурууда ошолор багынткан бийиктикти балам да ашып өткөй деген купуя тилек камтылган.
(5) Атты баланын оң кулагына азан, сол кулагына комат айтып, анан коюу шарты жана салты бар. Көпчүлүгү бала төрөлүп, бир канча күн төрөт үйүндө жатып, анан үйүнө келип, ат коёлуга келгенде гана атайын молдо чакырып, анан азан айттырат баланын кулагына. А чынында бул милдет үчүн молдо чакыруу шарт эмес. Ата өзү же дагы башка жакындары деле даарат алып, дене менен дилди аруулап туруп айтса болот азанды. Баланын ырыстуу болушун тилеп, бул дүйнөдөгү эң алгачкы укканы ыйман сөзү болсун деп, ал төрөлөрү менен кулагына азан айткандар бар. Ал үчүн балага ат тандалышын күтүү талабы жок.
(6) Кээ бир аттарды оор деп балага коюшкан эмес. Мисалы, Манас деген атты ар кимге эле жараша бербейт, көтөрүү оор деп эсептегендер бар. Мен мурда мындай ат бала үчүн оор деп ойлочу элем. Көрсө, бала үчүн эмес, анын ата-энеси, жакындары, чөйрөсү үчүн оор болот тура. Ата-эне деген баланы кээде урушат, ага ачуу жана катуу айтат. Ага-эженин, тууган-туушкандын деле айрым учурда оозунан ак итип кирип, кара ит чыга тилдеши боло жүрчү көрүнүш. Бирок "Ээ, Манас" деп атын атап, баланы сөгүү же каргоо — кандай бейопа көрүнүш. Балаңа пайгамбардын, баатырдын, аалымдын же жөн гана ардактуу, сыйлуу инсандын атын берген соң ошого жараша сый-урмат көрсөт. Атамдын көзү өткөн соң агамдын уулу төрөлүп, аны Кадырбек деп атоону ойлонуп, кайра баш тартканбыз. Анткени бала тентектик кылса ачуу менен Кадырбек атанын атына акарат келтирүүдөн корккон элек.
(Нуржигит Кадырбеков, https://sputnik.kg/columnists/20201227/1050917281/at-koyuu-madaniyaty.html)
3.2K views08:06
Ашу / Түсініктеме
2021-05-06 11:05:56 Эне тилинде окуу жана түшүнүү
2.9K views08:05
Ашу / Түсініктеме