2023-07-07 06:20:03
Бүгүнкү күнгө күтүлгөн аба ырайы
Жумада күндүз туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31,Таласта +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +28…+33, Ысык-Көл жеринде +24…+29, Нарын өрөөнүндө +20…+25 градусту көрсөтөт. Абанын табы Бишкекте +27…+29, Ош калаасында +31…+33, Чолпон-Атада +24…+26 градус ысыйт.
https://eldik.media/2023/07/07/бүгүнкү-күнгө-күтүлгөн-аба-ырайы-31/
3 views03:20