2023-05-22 12:01:45
Бишкекте жол кырсыгы катталып, маршруткадан үч жүргүнчү ыргып кеткен (Сүрөт)
Бишкекте Тыналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде “Мерседес Спринтер” жана “Хундай-Соната” унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык бүгүн саат 12:24тө катталган. Жол кырсыгынын кесепетинен 4 адам жабыркады, анын ичинде терезеден ыргып кеткен №135 маршрутканын 3 жүргүнчүсү жана жеңил унаанын айдоочусу бар. Учурду окуя болгон жерде кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.
https://eldik.media/2023/05/22/бишкекте-жол-кырсыгы-катталып-маршру/
11 views09:01