2023-07-07 08:54:20
Тамчыда мөндүр аралаш жамгыр жаап, “Ысык-Көл” аэропортун суу каптады
Тамчы айылында 6-июлда мөндүр аралаш жамгыр жаап, “Ысык-Көл” аэропортун суу каптады. “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мөндүр саркынды суулар агуучу түтүктөрдү жаап калып, натыйжада “Ысык-Көл” аэропортунун жүргүнчүлөрдү каттоочу бөлүгүн суу каптап кеткен. Түзүлгөн кырдаал 30 мүнөттүн ичинде чечилген, ал эми аэропорт штаттык режимде иштеп жатат, каттамдарда кечигүүлөр болгон жок.
https://eldik.media/2023/07/07/тамчыда-мөндүр-аралаш-жамгыр-жаап-ысы/
8 views05:54