Get Mystery Box with random crypto!

Ойлонуп корсом ата-энеме кызматым менен жакшы деле жардам берг | Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова.

Ойлонуп корсом ата-энеме кызматым менен жакшы деле жардам берген эмесмин. Эмне учун деп ойлонуп отуруп себебин таптым десенер.
Тагыраагы, бир жолу, кичинемде аракет кылгам, бирок аларга жакпай калды. Кол аарчыны таза жууп, казанды жууганым, ашкананын терезелерин «жаркырап» сүрткөнүм жакпады.
«Кечээ гана мен баарын жуудум эле , - апам ачуу үшкүрүнуп, мени жаман көзү менен карады - эми баары кайра кебетеси келишиптир! Сен ойногонуң эле жакшы., эч нерсе кылбай эле койчу "
Мага жалтырап корунгон нерселер , апама булганган көрүндү. ( Ал мезгилде чала кылганымы, чонойгондо тушундум, кичиненде кыйраттым деп ойлойсун да)

Идиштерди муздак суу менен жуусам жакчу эмес, майлуу болуп калыптыр деп.

"Кет, мен өзүм жууймун" деп апам мени эшикке түртчу. Аны менен пельмен жасап отуруп, камырды туура эмес кармаганым , жай кыймылым жакпады. — Аралашпа! Чыкчы эшикке - деп айтчу.

Жок, апам мени таарынткысы келген эмес. Баарын тезирээк жасап, бутуруп, мени менен сейилдеп, ойногусу келген. Анын дагы кыла турган иштери коп болчу!
Мени кубалай берген создорунон мен кийлигишкенди токтоттум.
Мен үйдүн ичинде, сыртында эч нерсе кыла албай калдым.

Апам мен бойго жеткенден кийин «Эгер мен мурунку кундорду баарын кайтарып алсам, сени жумшамакмын,- деп айткан.

Негизи тамак жасаганды турмушка чыккандан кийин үйрөнгөм.
Досторумдун бирине күйөөм укпасын деп телефон чалып, шыбырап сураганым эстен кетпейт: « Досум, шорпону кантип бышырышты айтып берчи.

Айылда, көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон кайненемдин мага айтканы да эсимде: “Балдар тоскоолдук кылса да, дайыма жардам беришсин. Жана мактоолор сөзсүз болсун. Алардын жардамынан ыйлагың келсе да унчукпа!”

Кайненемдин неберелери жардам бергенде кантип мактаганын көрдүм. Дасторкон, ашкана, пардалар баары ун болуп калыптыр, жер булганган, ошондо да мактап атканын кордум.

«Мына, муну карачы, аны өзү бышырыптыр», - деп экинчи балам жасады деп мага бир формасыз нерсени көрсөттү. Анан небересинин көзүнчө сүйүнүп, мактап жеди. Баарын жеп салды!
Анан мен аны коркуп карап: Ууланып калбайбы?- деп ойлонуп да кеттим.


Чайга өздөрү дасторкон жайып, тарелкаларга кыям, салат куюп жатышканда дагы мактады.
Анан отургучка отуруп, жаңы юбкасынын жабышып калганын түшүндү.
Ал эми варенье бул отургучта гана эмес, полдо да толтура болчу. Төгүп куюшкан болчу да.
Ошондо да, -балдарым азамат, мага даамдуу чай беришти - деп мактады.

- Дагы варенье алсам болобу?

- Болот! Энеке дешип кубанып, дароо жарым банканы дасторконго жылдырышты.

Чоң энесине айылдагы отоо чөптөрдү чабууга жардам бергени барып, кулпунайдын жарымын чап салганда дагы аларды мактап жатты.

– Кандай жакшы жигиттер, – деди ал байкатпай көз жашын сүртүп. - Жалтыратып койдунар, бир тал чөп жок.

Неберелери абдан кубанышты... Кандай бактылуу болушту! Жана алар канчалык мактаган сайын, ошончолук жардам бергиси келип атышты. Неберелери : «Энеке, мен дагы дагы эмне кылайын, айт ?» деп кыйкырып жатышты.
Анан энеси да бактылуу жылмайып турду. .

Балдарым таенесине (апама) барганда чүчпара жасаганды жакшы көрүшөт.

Ал эми апам мурункудай кубалабайт. Кыздар камырды бузуп коёт деп ойлобойт. Бул нерсе балким, жашы менен келеттир.

Ойлонуп жыйынтык чыгарыныздар. Себеби Ар бир эне озу билет.