2021-05-10 11:44:38
ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКИРҮҮЧҮ АДАТТАР
Ийгилик күндөлүгүңүздү ачыңыз. Кечинде, ошол күндөгү жетишкендиктериңизди жазыңыз, ал тургай эң кичинекейин дагы.
Туура, жашоону өзгөртүүчү китептерди окуп баштаңыз.
Интернетке күнүнө бир сааттан ашык эмес убакыт бөлүңүз.
Тамактанаардан 10-15 мүнөт мурун бир стакан таза суу ичип алыңыз. Күнүнө кеминде 2 литрден суу ичип туруңуз. Бул ички процесстерди жакшыртат жана өзүңүздү жакшы сезүүгө жардам берет.
Күн сайын бир жакшы иш жасаңыз. Жакшылык кылганда, акысына эч нерсе күтпөңүз. Бирок, жакшылык кылсаңыз сөзсүз түрдө кайтып келээрин унутпаңыз
Күн сайын мөмө-жемиш, жер-жемиш жегенге аракет кылыңыз. Кадимки эзилген картошканы (картофельное пюре) жана макарон азыктарын жаңы жашылчалар менен алмаштырыңыз.
БАКТЫЛУУ ЖАША!
@ais.kitepchi
301 viewsАйсезим Орункул кызы, 08:44