2021-12-06 08:09:09
Китеп окууну адатка айлантуу.
Бардыгынан мурда китепке болгон көз карашыбызды, ниетибизди тууралашыбыз керек.
Адамды өстүрбөй, ылдый тарткан төмөнкүдөй жаман ойлордон кутулуу зарыл:
"Китеп окубай деле жашап жүрбөймүнбү".
"Китеп окубасам деле эч нерсем кемип калган жок",
" Эми ушул жашка чейин китеп окубай эле келдим, азыр окусам эмне өзгөрмөк эле.
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мындай деп буюрган : Эки күнүн бирдей өткөргөн адам зыянга учурайт".
Жашоодогу бир калыптуулуктан (монотондуулуктан) кутулуу биздин колубузда
Китептен өзүбүзгө, үй-бүлөбүзгө , коомубузга пайдасын ойлонуу да окууга кызыгуубузду ойготушу мүмкүн.
Балдарыбызга туура үлгү болуу үчүн күнүгө эң аз дегенде 5-10 мүнөт китеп окуу зарылчылыгын ойлоо жана аракеттенүү бара -бара.
21 viewsОрункул кызы Бурул., 05:09