Get Mystery Box with random crypto!

Жалганчылык Адамдагы эң жаман сыпаттардын дагы бири – жа | "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"

Жалганчылык

Адамдагы эң жаман сыпаттардын дагы бири – жалган сүйлөө. Айрыкча, мусулман кишинин жалган сүйлөгөнү болбогон жорук. Пайгамбарыбыз ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалганчылык мусулманга тиешелүү сыпат эмес экендигин билдирип, мусулман башка күнөөлөрдү кылышы мүмкүн, бирок жалган айтпайт деген. Жалган сүйлөп бирөөнү ишендирүү – ага жасаган кыянаттык жана зулум.

Жалганчылык эки жүздүү, мунафыктарга жараша турган сыпат. Жалган аркылуу бүт күнөөлөргө эшик ачылат. “Калптын казаны кайнабайт” дейт элде. Бир жолу жалган айткан киши, ал жалганы билинип калбасын үчүн дагы он жолу жалган айтууга мажбур болот. Ошентип жалганын жашыра албай жүрүп элдин ишениминен чыгат. Жалган сүйлөгөнү билинип калгандан кийин, адамдар аны аңдый баштайт. Ал чын сүйлөсө да, ага эч ким ишенбейт. Адамга сөзүнө эч ким ишенбей койгондон өткөн азап болбосо керек?

Эмне кылуу керек? Жалгандан сактануу үчүн кандай чечимге муктажбыз?

Чечим:

Жалганчы тууралуу, анын акыбети тууралуу Аллах Тааланын жана Анын пайгамбарынын айткандарын эсте. “Карачы, алар Аллахка кандай гана жалгандарды ойлоп таап жатышат. Анык күнөө болууга ушунун өзү жетиштүү!”– деген Аллах Таала. “Эки жүздүүлүктүн үч белгиси бар: сүйлөсө жалган сүйлөйт, убада берсе аткарбайт, аманат тапшырылса, кыянат кылат” – деген Пайгамбарыбыз ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун).

Жалган сүйлөө акыры жүрүп отуруп адамды каапырлыкка түртүшү мүмкүн. Ошон үчүн өзүн мусулман бойдон алып жүрүп, мусулман бойдон өткүсү келген адам жалгандан тилин тыйсын. “Аллахтын аяттарына ишенбегендер гана жалганды ойлоп табышат, мына ушулар анык жалганчылар”.

Балдарды чынчыл кылып тарбиялоо жана аларга үлгү болуу ата-эненин эң зарыл иши. Эгер бала чынчыл болсо, ата-эне чоң балээден кутулат. Эгер бала жалганчы болсо, “балаң балээ болгондо...” дегени ошол. Жалганчы бала ата-энесин суусатат да, кууратат... Анын азабын өлөр-өлгөнчө тартып өтөсүң...

Өзүңдүн анча-мынча болсо да жалган сүйлөгөнүңдү билесиң жана буга анча деле маани бербейсиң. Бирок, ушул кайдыгерлигиңдин натыйжасы сени тозокко жетелеп барышы толук мүмкүн. Ушуну эсиңден чыгарба. Пенде бир ооз сөзү үчүн тозокто куйкаланып, бир ооз сөзү үчүн бейиште ырахаттанышы мүмкүн. “Жалган сүйлөө – жамандыкка жетелейт. Жамандык – тозокко алып барат”.

Бүгүн кечке чейин бир да жолу жалган сүйлөбөймүн деп өзүңө сөз бер. Анан берген сөзүңдүн өтөөсүнө чык. Кечке чейин тамаша болсо да жалган сүйлөбө. Эртең дагы ушинт... ошентип өзүңдү-өзүң тарбияла. “Адам канчалык көп чын сүйлөп, чын сүйлөөгө аракет кыса, Аллахтын алдында “чынчыл” деп жазылат”.

Жалган айтып кандайдыр бир кыйынчылыктан кутулуп чыгып кетем деп ойлобо. “Калптын казаны кайнабайт” дейт. “Кыңыр иш кырк жылда билинет”. Бүгүн жалган айтып кутулушуң мүмкүн, а эртең тутуласың. “Алдамчынын арты кууш” болуп, баары бир, кайсы бир күнү жүзүң ачылат. Аллахка да күнөөкөр болосуң... дүйнө жана акыретиңди булгап аласың.

Жалганчыдан безе качып, чынчылдар менен бол. Жаныңда жалганчы жүрсө, сага да эч ким ишенбейт. “Эй, ыйман келтиргендер! Такыбалык кылгыла жана чынчылдар менен бирге болгула”.

Алдап койдум... эмне болмок эле... жөн эле айттым... ж.б.у.с. тамаша, болор-болбос жалгандардан этият бол. Асман тиреген дарак, илмейген көчөттөн пайда болот. Тамашалап жалган айттым деген болбойт. Пайгамбарыбыздын ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мобул хадисин унупа. “Өзүнүкү чын болсо да, талашып-тартышпаган адамга бейиштин бир бурчунан үй убада кылам. Тамашалап да жалган айтпаган адамга бейиштин төрүнөн үй убада кылам”.

Тигиндей болуптур... мындай дейт... ушундай имиш... дегенден оолак жүр. Укканыңдын баары эле чын боло бербейт, көргөнүңдүн баары эле туура боло бербейт. Кабардын чындыгына көзүң жетсе, тактыгын анык билсең, анан айт, болбосо, укмаксан бол. “Укканынын баарын айта берүү – адамдын тозокко кирүүсүнө жетиштүү күнөө болот”.