Get Mystery Box with random crypto!

Рамазанга кантип даярдык көрөбүз? Туура ниет кылуу Амалдар | 𝓚𝓾𝓷𝓭𝓸𝓵𝓾𝓰𝓾𝓶🫀️

Рамазанга кантип даярдык көрөбүз?

Туура ниет кылуу
Амалдар ниетке жараша болот. Ошондуктан Рамазандын алдында алгач туура ниет коюңуз.

"Аллахтын ыраазычылыгы үчүн орозо кармайм. Мен Рамазанды эң мыкты өткөрөм. Ушунчалык аракет кылам, ушул Рамазан мени Бейишке алып кирет."

Дуба кылуу
Оо, Аллахым бизге Ражаб жана Шабан айларын берекелүү кыл жана Рамазанга жеткир.

Сатып алуу
Рамазанга керектүү буюмдарды же азык-түлүктөрдү даярдап алуу. Максат муздаткычты толтуруш эмес, кийин ушул убакытты ибадатка кетирүү.

Дарылануу
Руханий оорулардан дарылануу. Көрө албастык, ичи тардык, урушчаактын, калп айтуу, гыйбат ж.б.
Бүгүн жалган сүйлөгөн адам, Рамазанда деле ошонусун кылат.

Ден соолукка кам көрүү. Орозо кармоого тоскоолдук боло турган ооруларды текшертүү, дарылоо.

Дүйнө иштерин азайтуу
Оюн-зоок, той-топурларды азайтыңыз. Социалдык тармактарда азыраак отуруңуз. Китеп окуңуз, көбүрөөк илим алыңыз.

Ибадат
Каза намаздарды окуу. Эгерде намаз окуй элек болсоңуз азыр баштаңыз. Көбүрөөк зикир айтыңыз. Орозо кармаңыз (Дүйшөмбү жана Бейшемби күндөрү кармаса болот)

Адалдашуу
Акыңызды адал кылыңыз!

Эгерде кимдир бирөөнү капа кылган болсоңуз, жамандык кылсаңыз, жүрөгүн ооруткан болсоңуз кечирим сураңыз. Же тескерисинче сизди бирөө таарынткан болсо, Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн чын жүрөгүңүз менен кечирип коюңуз. Аллах бизди кечириш үчүн биз башкаларды кечиришибиз керек.

Тообо
"Ар бир адам ката кетирүүчү, ката кетиргендердин эң жакшысы - катасына тобо кылгандар".

Айлана-чөйрөгө маани берүү
Сизди кандай адамдар курчап турат? Досторуңуз кандай адамдар?
Салих адамдар менен достошкула. Алар силерди Бейишке жетелейт. Рамазанда силерди сухурга ойготушат, ифтарда ооз ачтыңбы, тамактандыңбы деп сурайт. Куранга, илимге үндөйт. Рамазанда сабырдуу болууга жардам берет.

Куран окуу, илим алуу
Рамазанда өтө көп куран окуңуз. Окуганды билбесеңиз азыр баштаңыз. Илим алыңыз. Рамазан эмне экенин билбей туруп орозо кармагандар толтура. Эмне үчүн орозо кармалат? Кантип? Билбей суу ичип алсам эмне болот? Орозону бузуучу нерселер кайсы ж.б.у.с суроолордун жоопторун издеңиз.

Аллахым барыбызды Рамазанга жеткирсин жана Рамазанды бизге насип кылсын