Get Mystery Box with random crypto!

#ЭРКЕКТЕРГЕ •Оо Эркек..! Аялзатын бактылуу кылып, анын бактыл | 𝓚𝓾𝓷𝓭𝓸𝓵𝓾𝓰𝓾𝓶🫀️

#ЭРКЕКТЕРГЕ

•Оо Эркек..! Аялзатын бактылуу кылып, анын бактылуу жылмайганын карап өзүң да бактылуу болгонду үйрөн. Аялзатын бүт кемчилдиктери менен сүйгөндү, анын жүздөгөн катачылыктары болсо да, арасынан артыкчылыгын таап сүйгөндү үйрөн. Ага теңелбе. Ал - АЯЛ. Сен - ЭРКЕКСИҢ. Ал таптакыр башка табият. Башка жаратылыш. Аны өзүңдөй көрбө. Сен ага канча көңүл бөлүп,жылуу мамиле кылсаң ал сага өзүн бүтүндөй багыштайт. Сага итаат кылат. Сени урматтап, сыйлайт. Ал эми тескерисин кылсаң сага да өзүңдөй мамиле кылып тура берет. Билип кой..! Аялзатынын жүрөгүн катуу сөз менен, коркутуу менен ,катуулук-талапкөйлүк менен багындыра албайсың. Анын жүрөгүн жумшактык, чыныгы сүйүү, көңүл бөлүү, жылуу сөздөр менен багындыра аласың. Аялдын жүрөгүндө жашоо, бул өзгөчө сезим.