Get Mystery Box with random crypto!

𝓚𝓾𝓷𝓭𝓸𝓵𝓾𝓰𝓾𝓶🫀️

Telegram арнасының логотипі kundolulgum — 𝓚𝓾𝓷𝓭𝓸𝓵𝓾𝓰𝓾𝓶🫀️ 𝓚
Telegram арнасының логотипі kundolulgum — 𝓚𝓾𝓷𝓭𝓸𝓵𝓾𝓰𝓾𝓶🫀️
Арна мекенжайы: @kundolulgum
Санаттар: Дәйексөздер
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 587
Арнадан сипаттама

(\_/)
( •. •)
/ < ❤️

Ratings & Reviews

3.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

0

2 stars

1

1 stars

0


Соңғы хабарлар

2023-03-08 08:29:39 Рамазанга кантип даярдык көрөбүз?

Туура ниет кылуу
Амалдар ниетке жараша болот. Ошондуктан Рамазандын алдында алгач туура ниет коюңуз.

"Аллахтын ыраазычылыгы үчүн орозо кармайм. Мен Рамазанды эң мыкты өткөрөм. Ушунчалык аракет кылам, ушул Рамазан мени Бейишке алып кирет."

Дуба кылуу
Оо, Аллахым бизге Ражаб жана Шабан айларын берекелүү кыл жана Рамазанга жеткир.

Сатып алуу
Рамазанга керектүү буюмдарды же азык-түлүктөрдү даярдап алуу. Максат муздаткычты толтуруш эмес, кийин ушул убакытты ибадатка кетирүү.

Дарылануу
Руханий оорулардан дарылануу. Көрө албастык, ичи тардык, урушчаактын, калп айтуу, гыйбат ж.б.
Бүгүн жалган сүйлөгөн адам, Рамазанда деле ошонусун кылат.

Ден соолукка кам көрүү. Орозо кармоого тоскоолдук боло турган ооруларды текшертүү, дарылоо.

Дүйнө иштерин азайтуу
Оюн-зоок, той-топурларды азайтыңыз. Социалдык тармактарда азыраак отуруңуз. Китеп окуңуз, көбүрөөк илим алыңыз.

Ибадат
Каза намаздарды окуу. Эгерде намаз окуй элек болсоңуз азыр баштаңыз. Көбүрөөк зикир айтыңыз. Орозо кармаңыз (Дүйшөмбү жана Бейшемби күндөрү кармаса болот)

Адалдашуу
Акыңызды адал кылыңыз!

Эгерде кимдир бирөөнү капа кылган болсоңуз, жамандык кылсаңыз, жүрөгүн ооруткан болсоңуз кечирим сураңыз. Же тескерисинче сизди бирөө таарынткан болсо, Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн чын жүрөгүңүз менен кечирип коюңуз. Аллах бизди кечириш үчүн биз башкаларды кечиришибиз керек.

Тообо
"Ар бир адам ката кетирүүчү, ката кетиргендердин эң жакшысы - катасына тобо кылгандар".

Айлана-чөйрөгө маани берүү
Сизди кандай адамдар курчап турат? Досторуңуз кандай адамдар?
Салих адамдар менен достошкула. Алар силерди Бейишке жетелейт. Рамазанда силерди сухурга ойготушат, ифтарда ооз ачтыңбы, тамактандыңбы деп сурайт. Куранга, илимге үндөйт. Рамазанда сабырдуу болууга жардам берет.

Куран окуу, илим алуу
Рамазанда өтө көп куран окуңуз. Окуганды билбесеңиз азыр баштаңыз. Илим алыңыз. Рамазан эмне экенин билбей туруп орозо кармагандар толтура. Эмне үчүн орозо кармалат? Кантип? Билбей суу ичип алсам эмне болот? Орозону бузуучу нерселер кайсы ж.б.у.с суроолордун жоопторун издеңиз.

Аллахым барыбызды Рамазанга жеткирсин жана Рамазанды бизге насип кылсын
36 views_𝓂𝓊𝓈𝓊𝓁𝓂𝒶𝓃_𝓀𝓎𝓏_, 05:29
Ашу / Түсініктеме
2023-03-08 08:28:36 #ЭРКЕКТЕРГЕ

•Оо Эркек..! Аялзатын бактылуу кылып, анын бактылуу жылмайганын карап өзүң да бактылуу болгонду үйрөн. Аялзатын бүт кемчилдиктери менен сүйгөндү, анын жүздөгөн катачылыктары болсо да, арасынан артыкчылыгын таап сүйгөндү үйрөн. Ага теңелбе. Ал - АЯЛ. Сен - ЭРКЕКСИҢ. Ал таптакыр башка табият. Башка жаратылыш. Аны өзүңдөй көрбө. Сен ага канча көңүл бөлүп,жылуу мамиле кылсаң ал сага өзүн бүтүндөй багыштайт. Сага итаат кылат. Сени урматтап, сыйлайт. Ал эми тескерисин кылсаң сага да өзүңдөй мамиле кылып тура берет. Билип кой..! Аялзатынын жүрөгүн катуу сөз менен, коркутуу менен ,катуулук-талапкөйлүк менен багындыра албайсың. Анын жүрөгүн жумшактык, чыныгы сүйүү, көңүл бөлүү, жылуу сөздөр менен багындыра аласың. Аялдын жүрөгүндө жашоо, бул өзгөчө сезим.
38 views_𝓂𝓊𝓈𝓊𝓁𝓂𝒶𝓃_𝓀𝓎𝓏_, edited  05:28
Ашу / Түсініктеме
2023-03-02 03:29:54 Эгер сен 06:00 до турсан жашоон кандай өзгөрөт?

1. Өзүңүздүн тактыгыңызды жакшыртыңыз
2. Ден соолукту чыңдоо
3. Көбүрөөк бош убакыт
4. Мотивация жогорулайт
5. Сиз дайыма өз убагында болосуз
184 views_𝓂𝓊𝓈𝓊𝓁𝓂𝒶𝓃_𝓀𝓎𝓏_, 00:29
Ашу / Түсініктеме
2023-03-01 16:46:17 Күн сайын сизге 86 400 секунд берилет.
Колдонбогон убакытыңыз кайтарылбайт же кийинчерээк өткөрүлбөйт.
Бул баалоо жана толук пайдалануу керек болгон белек.
Өзүңүз каалаган жашоо үчүн эртең 86 400 секунд күтпөңүз.
Учурдагы көз ирмемдерди колдонуңуз.
[жана ар бирин эсепке алыныз]
222 views_𝓂𝓊𝓈𝓊𝓁𝓂𝒶𝓃_𝓀𝓎𝓏_, 13:46
Ашу / Түсініктеме
2023-02-28 15:59:57 Эгер сизге азыр кыйын болсо, эсиңизде болсун ...

1. Оору жашоонун бир бөлүгү, ал өсүүгө жардам берет
2. Кээде биздин эң чоң коркуубуз - бул жөн гана элес.
3. Көйгөйгө ой жүгүртүү жана туура мамиле кылуу - бул чечимдин жарымы
4. Ар дайым ыраазы боло турган нерсе бар.
5. Азыр сизде бар болгон нерсе, азыр гана.
252 views12:59
Ашу / Түсініктеме
2023-02-28 12:45:49
Ким болсоң да, нурга айлан. Дүйнөдө көйгөйлөр, калп жана жасалма адамдар өтө көп. А сен чыныгы болосуң. Дүйнө сага адилетсиз болсо да. Жарыктын шооласы бол, караңгылыктан жаркырап. Жана, балким, кимдир бирөө үчүн сиз жол көрсөтүүчү болуп каласыз.
264 viewsedited  09:45
Ашу / Түсініктеме
2023-02-26 09:05:27
Көзүбүз адамдардын жакшы жактарын көрсүн, жүрөгүбүз жамандыкты кечирсин, жан дүйнөбүз ыймандан кетпесин
318 views06:05
Ашу / Түсініктеме
2023-02-26 05:20:08
Жакшылык жасоодо жамгыр сыяктуу болгула.
"Кимге жаасам экен" деп ойлобогула.
Жамгыр бардыгына бирдей жаайт.
313 views02:20
Ашу / Түсініктеме
2023-02-25 15:38:12 Күндөрдүн биринде устат өзүнүн шакирттеринин маңдайына кичинекей бир кара чекити бар ак баракты илет.
-Бул жерден эмнени көрүп турасыңар?-деп сураганда, окуучулар четинен жооп берип башташат:
-Чекит.
-Кара чекит.
-Кичине чекит.
Ошондо устат:
-Баарыңар бул жерден кара чекитти гана көрө алдыңар. Бирок эч кимиңер аппак баракты көрүп турганыңарды айтпадыңар. Мына ушул сыяктуу эле жашоодо да биз алгач адамдардын чоң артыкчылыгын байкабай, дароо чекиттей болгон терс жагын көрө калабыз, -деген экен.
322 views12:38
Ашу / Түсініктеме
2023-02-20 16:14:42
Мен эмне себептен канал алып барбай көп убакытка жок болдум...
Каналдын атын өзгөртүүмө эмне себеп болду...

–Көбүрөөк окушум үчүн, убактылуу соц тармактарга кирбегеним жакшы болчу)
–Мурдагыдай жакшы алып бара албагандыктан, жөн гана өзүмдүн күндөлүгүм катары көргүм келип, каналдын атын өзгөртүүгө туура келди
455 viewsedited  13:14
Ашу / Түсініктеме