Get Mystery Box with random crypto!

АК СҮЙҮҮ Арман болбос койсоң өзүң кезигип Сен да койчу бул т | Калем✍

АК СҮЙҮҮ

Арман болбос койсоң өзүң кезигип
Сен да койчу бул тагдырды кечирип
Жолотпостон өзгөлөрдү жаныма
Тиленгеним калбачы сен кечигип

Бүтүн аалам мага чексиз сезилет
Жоктугуңда жүрөк ыйлайт, эзилет.
Ырларыма өзүң болуп себепкер
Жан дүйнөмдө сыйкыр күүсү чертилет

Алыстарга алып кетчи түбөлүк,
Аалам сырын бирге чечип жүрөлүк.
Аппак таза сүйүүбүздү тоңдурбай
Жетелешип турмуш доорун сүрөлүк.

АВТОР: ЭЛЬМАРТ КЫЗЫ ЭЛЬЗАДА