Get Mystery Box with random crypto!

ҮМҮТ БЕРДИҢ Жарамдын айыкпасын жаның сезип Ойготтун кыялдарды | Калем✍

ҮМҮТ БЕРДИҢ

Жарамдын айыкпасын жаның сезип
Ойготтун кыялдардын балын эзип,
Негедир кубантсаң да айта албайм,
Жашоомо киргениңди баарын кечип.

Сезимдин күйүттөрүн таттын окшойт
Билгизбей санаага да баттын окшойт
Айтайын суйундуруп бир сырымды
Жылуулук сенден гана таптым окшойт.

Үзүлбөс үмүт бердиң жалындаган
Сезбедим кантип көңүл жакындаган
Байланып бир өзүңө баратамын
Мынчалык өзгөрүүгө багынбагам

Көңүлдөн орун алып кирип койдун
Кусаны көөдөнүмдөн тилип койдум
Жүрөктү жаралабай баркын билсең
Түбөлүк сендик болом билип койгун

Автор: Эльмарт кызы Эльзада
23.11.2020